Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштө журналисттерге таянабыз

Президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерди кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Мамлекет башчы жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүнө чоң таасир этүү менен өнүккөн жарандык коомдун эң маанилүү бөлүгү болуп калганын белгилеген. Ошону менен катар мамлекеттик башкаруу органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган реформаларды ишке ашырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын колдоосун баалап, ага таяна турганы айтылат.

1993-жылы өкмөттүн токтому менен 7-ноябрь жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин күнү катары жарыяланган. 1924-жылы 7-ноябрда алгачкы кыргызча гезит – “Эркин Тоо” (азыркы “Кыргыз Туусу”) жарык көргөн.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу