Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 31-январда Жогорку Кеңеште министрлер ант бергенден кийин сүйлөп жатып билдирди. Ал жаңыдан ишке киришип жаткан министрлердин мурдагы иштерин да белгилеп, мындан аркысына ишенич артып жатканын билдирди:
— Сиздердин тажрыйбаңыздар жана билимиңиздер эл күтүп жаткан, биз күтүп жаткан ийгиликтерди жаратат деп ишенем. Ал эми бийликтин үч бутагы чогуу, эриш-аркак иштесе, биздин Кыргызстаныбызда дагы көп ийгиликтер болот.
Мамлекет башчы Жогорку Кеңештин депутаттары менен 2019-жылдын эсебинен алгачкы жолу көрүшүп жатканын белгилеп, жаңы жылда парламенттин ишине ийгилик каалады. 31-январда жаңы дайындалган эки: транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов менен каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеңеште ант беришти.