Жээнбековдон “Чык эшикке!- деген жемени уккусу келген Абдиев

Өкмөт башчы Сапар Исаков өкмөттүн жыйынында Мамлекеттик курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба боюнча агенттиктин жетекчиси Бактыбек Абдиевди сынга алды.

Башбакан: “Бактыбек Абдиевич, жакшы иштей албай жатасыңар. Жакшылап анализ кылып ойлонгулачы. Силердин мекемеде эмне эле болуп жатат? Коррупция жана башка маселелер боюн­ча силерге нааразы болгондор көп” – деген маңызда сүйлөп, негизги маселени кабыргасынан койду. Ошондой эле анын орун басары Жээнбековдон “Чык эшикке!” – деп жеме уккан Алмаз Абдыкаровду кызматтан алуу боюнча маселе козгоду.

Чынында Абдиев 2016-жылдын этегинен бери бул кызматта олтурганы менен олуттуу иштерин элге көрсөтө албай келет. Архитектура жагын билгени менен курулуш, коммуналдык тармакка тиши өтпөй, мокоп жатат окшойт.

Неге дегенде, Абдиев курулушта эмес, көп жылдар бою архитектура багытында иштеди. Ал өзү жетектеп жаткан мекеме дагы эле коррупциялашкан мекемелердин сап башында тураарын жакшы билбейт окшойт.

Бул темп менен жүрүп олтурса, коррупцияны дагы күчөтөт го…

Булак: «Фабула» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу