Жээнбаева мугалимдерге «тил эмизгиси» келеби?

Президент Сооронбай Жээнбеков финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды. Министр өлкө башчыга мамлекеттик финансыларды башкаруу жаатындагы абал тууралуу маалымат берди. Анда министр:

«2019-жыл ичинде орто мектептердин мугалимдерине айлык акысын жогорулатуу пландалып жатат» — деп билдирди.

Ошол эле кезде, республикалык бюджетке салыктык жана бажылык жыйымдар боюнча артта калуулар байкалып жатканын кошумчалады.

Ошондо бул жагы «мугалимдерди айлык көтөрүлөт деп тил эмизип туралы» дегендей эле болду. Ырасында, 10 миң пенсия, 26 миң айлык түшкө кирбей калды окшойт.

Булак: Фабула

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу