ЖЭБ чырына ким күнөөлүү?

Бүтпөгөн сот

5-мартта Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча камакта олтурган Айбек Калиев, Темирлан Бримкулов, Бердибек Боркоев, Узак Кыдырбаев, Өмүркул уулу Нурлан, Нурлан Садыков жана Нургазы Курманбековдордун сот отуруму болуп өттү. Сотто белгилүү болгондой судья Эмилбек Каипов билдиргендей жаңы кодекстер боюнча 8-мартта айыпталуучуларды кармоо мөөнөтү бүтөт экен. Ошондуктан, кармоо мөөнөтүнүн жылдыруу шарттарын кароо керектигин билдирди.
Сот жүрүшүндө мамлекеттик экотехинспекциядан күбө катары келген А.Абдыкадыров Бишкек ЖЭБи 2017-2018-жылдагы күз-кыш мезгилдерине даяр эмес болгондугун айтып, бул ишке жооп берчүлөрдүн атын атады. Мамлекеттик айыптоочу Айбек Калиев, Темирлан Бримкулов, Бердибек Боркоев, Узак Кыдырбаевдердин камакта кармоо мөөнөтүн узартууну, Өмүркул уулу Нурлан, Нурлан Садыков жана Нургазы Курманбековдордун сыртка чыгууга коюлган чектөөнү узартууну судья Каиповдон суранды.
Судья мамлекеттик айыптоочунун пикирин эске алып кармоо мөөнөтүн карамак болду. Бирок, жактоочулар жан алы калбай өз ишин аткарып жатышты. Жактоочу Жумашев бул иш боюнча бардык күбөлөр суралгандыгын, 4 баласы бар экендигин, аялы жумушсуз үйдө экендигин айтып Калиевди үй камагына чыгарып берүүсүн анын тергөө иштерине зыяны тийбестигин айтты.
Узак Кыдырбаевдин адвокаты Литвинов Кыдырбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүсүн, анын модернизациялоого жана каржылык иштерге тиешеси жоктугун, СИЗО №1 которуп берүүсүн өтүндү.
Өтүнүчтөрдү карап чыгып судья Каипов Калиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү четке какты.

Адвокаттардын айтымында мамлекеттик айыптоочулар бул кылмыш иштери оор кылмыштарга кирерин айтышкан, бирок жаңы кодекс боюнча бул категориядагы кылмыштар оор кылмыштардын катарына кирбестигин, эгер соттолсо 5 жылга чейин эле соттолорун, мамлекетке келтирилген чыгымдар далилдене электигин, камакта кармоо каралбагандыгын кыйытышты.
Дагы бир адвокат Асакеев Бримкулов боюнча жаңы кодекстеги берене боюнча 2,5 жыл эле бериле тургандыгын, ал бир жылдан бери камакта экендигин, анын жетишкендиктерин эске алып, үй камагына чыгарууну өтүндү. Адвокаттардын өтүнүчүн угуп судья Каипов жыйындар бөлмөсүнө кирип кетти. Коллегиялык жыйындын чечими боюнча айыпталуучулардын баш коргоо чаралары өзгөртүлбөстөн калып, камакта 2019-жылдын 5-майына чейин кала турган болушту. Мындай чечимди кабыл алынышын судья айыпталуучуларга жана алардын адвокаттарына түшүндүрүп берди. Судья: Боркоев, Калиев,
Бримкуловдор боюнча күчүнө кире элек башка иштер бар экендигин, бир гана Кыдырбаев эле анын карамагында экенин, жогоруда аты аталган 3 иш боюнча баш коргоо чарасын өзгөрткөндө деле иш жакшы жагына бурулбасын түшүндүрдү.

ЖЭБ айланасында дагы төрт кылмыш иши бар

7-мартта Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып жаткан сегиз адамдын соттук иши белгисиз мөөнөткө жылды. Буга адвокаттардын «ЖЭБди модернизациялоодо мамлекет 111 миллион доллар зыян тарткан» деген экспертизанын корутундусу боюнча Бишкек шаардык сотуна даттануусу себеп болгон. Буга чейин Свердлов райондук соту адвокаттардын аталган корутундуну далилдердин катарынан алып салуу боюнча өтүнүчүн канааттандырган эмес.
Буга чейин УКМК тергөө учурунда Сапар Исаков баштаган бир катар кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен мурдатан билип туруп Кытайдын ТВЕА компаниясы менен пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке 111 миллион 252 миң 797 доллар зыян келтиргени аныкталганын билдирген.

Аталган иште Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитип, 13-февралда сотко өткөрүп берген. Анда мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдон башка жети кишиге: мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевге, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровго, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовго, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго жана мурдагы финансы министри Ольга Лавровага айып коюлган.

Белгилей кетчү жагдай, Бишкек ЖЭБинин айланасында мындан сырткары дагы төрт кылмыш иши бар. Анын бири боюнча райондук соттун чечими чыккан. ЖЭБ иши боюнча күбөлөр толук сурала электигин алдыда дагы бир топ иштер боюнча былыктар чыгарын айта кетели.

Жибек Аргынбекова

Булак:Факты.кж гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу