ЖЭБдеги кырсык боюнча сотто күбөлөр көрсөтмө бере баштады

8-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Айбек Калиевдин, Темирлан Бримкуловдун, Бердибек Боркоевдин, Узак Кыдырбаевдин, Нурлан Өмүркул уулунун, Нурлан Садыковдун иши боюнча соттук териштирүү уланды. Бул тууралуу маалымат соттон алынды.

Отурумда күбө катары Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ), “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомунун кызматкерлери көрсөтмө беришүүдө.

Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон башка кылмыш иштери сотко жете элек. Жалпысынан он бештей адам кармалган. Анын ичинде «Коррупция” беренеси менен мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиевге, Сапар Исаковго, экс-министр Осмонбек Артыкбаевге, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиевге жана Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовго айып коюлган. Төртөө тең 2018-жылдын июнь айында УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

2018-жылы январда ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдоого жумшалган 386 миллион доллар кытай насыясын пайдаланууда алешемдиктер болгону ачыкка чыккан.

Булак: Азаттык 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу