Жыпар жыт узак кармалсын десеңиз…

Жыпар жыт тандоо үчүн дүкөнгө бара турган болсоңуз, эртең менен же болбосо түштө барганга аракет кылыңыз. Анткени, ушул кезде мурдуңуз жытты жакшы сезет. Ал эми жыпар жытты себердин алдында ойлонуу керек. Себеби, денедеги тамырдын согушу, жүрөктүн согушунунун орун алган жерлери атырды себе турган негизги точкалар. Бул точкаларда температура жогору, ошондуктан жытыңыз аңкып турганын кааласаңыз негизги точкаларды унутпаңыз.

1.Кургак териге сепкен атыр узак турбай, дароо жыты кетип калат. Ошондуктан анын узак турушу үчүн терини крем менен же лосьон менен жумшартып алып барып жыпар жыт пайдаланганыңыз оң. Ал эми териңиз тез майлана турган болсо кабатырлануунун эч кандай себеби жок.

2.Жыпар жытты денеңизге себе турган эн ыңгайлуу учур душ же ваннага түшкөндөн кийинки убакыт. Ушул убакытта теридеги майда тишиктер ачылып, жыпар жыт узакка сакталат.

3. Концентрациясына да маани бериңиз. Парфюмериялык атырдын жыты көпкө чейин сакталат.

4. Атырды сепкенден кийин кайра-кайра үстүнө себе берүүнүн кереги жок. Анын жакшылап сиңүүсүнө мүмкүндүк бериңиз.

5. Атырды күндүн тийишинен сактаңыз. Негизи атырды салкын, кургак жерге коргонуңуз туура.

БУЛАК:.zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу