Жылдыздар кайненелерине кандай келин?

Кыргызда “кайнененин камырынан” деген сөз бар. Жакшы кызды жаман келин кылып алыш да кайненеден, жаман кызды жакшы келин кылып алуу да кайнененин колунда экен. Биздин белгилүү жылдыздар кандай келин экенин кайненелери айтып беришсин анда.

Кырыя апа, 71 жашта: “Ырчы келинимди башка келиндеримдей тарбиялабадым”

– Келиним Назми, Кудайга шүгүр, жакшы. Эң негизгиси мага сылык мамиле жасайт. Жалпы 4 келиним бар, бул ырчы келиним экинчиси. Шаарда тургандыктан, анын үстүнө ырчы болгондуктан башка келиндеримдей кылып көп деле тарбиялай алган жокмун. Илгерки кайненелердей болуп төшөк каптатып, сайма сайдырып кыйнаган жокмун. Болгону баламдын жакасын агартып, балдарына татыктуу тарбия берип үй-бүлөсүнүн арабасын кылдыратып жатканына эле сүйүнүп отурам. Шаарга барган сайын дасторконун жайып тосуп алат. Канча жүрсөм да кабагым-кашым дебей чайын берип сыйлап турат. Бирок шаарда деле тынбайт экен, оокат деп эле ары-бери чуркап жүрөт. Антип тытынганын көрүп: “Ий, байкуш келиним мендей эле турбайбы?” — деп койдум. Айылга келсе да ырчымын деп отурбай эле биз менен жарыша оокат кылат.

Назми кайненеси тууралуу:

– Кайненем айылда жашайт. Бирок бизге шаарга келип, биз айылга барып бат-бат көрүшүп турабыз. Дайыма акыл-насаатын айтып, билбегенимди үйрөтөт. Үйрөткөндөрү оокат жасоо эмес, көбүнчө жакшылык-жамандыкка кантип барыш керек, куда менен кантип катышуу керек сыяктуу кыргыздын салт-санааларын айтып берет. Бир жакка жөнөрдө дароо апама чалып сурайм, баары ал айткандай болот. Мүнөзү ачык. Тарс эле бетке айтып эч нерсе жашырбаганы менен менин эмнем жакпаганын такыр айтпайт.

Бүбүйна эже, 46 жашта: “Нурайым — менин аксакал келиним”

– Келиним келгенде эле шамдагайлыгын өзүмө окшоштурдум. Анан келбети, бою, сүйлөгөндөрүбүздөн өйдө окшош экенбиз. Оокат жасаганды бир эле көрсөтүп койсом, экинчисинде дал меникиндей жасап кубантат. Биз Кыргызстанда өсүп чоңойгонубуз менен түбүбүз казак да. Ошондуктан келиниме казакча бешбармак жасаганды, казакча боорсокту, дагы көптөгөн өзүбүзгө тиешелүү салттарды үйрөтүп койдум. Нурайымды “шаарда өскөн, сахнада чоңойгон кыз болсо, кандай келин болор экен?” деп сарсанаа болуп жаткам. Бирок үйрөткөндү үйрөткөндөй жасаган тың келин болуп чыкты. Нурайка улуу келиним:»Экинчи келиним да сендей болсо экен», — деп калам. Аксакал келиниме ишенип оокаттарымды таштап, өзүм Москвага иштегени кеткем. Түнү-күнү гастроль, концерт деп үйдө аз болгонун эске албаганда, Кудайга шүгүр эле келиним бар.

Нурайым Азыкбаева кайненеси тууралуу:

– Кайненем экөөбүздүн мамилебиз кайнене-келиндей эмес, курбулардайбыз. Ооруп жатып калсам бөлмөмө дары-дармегимди даярдап алып кирип берип өз кызындай карайт. Кээде Назбек экөөбүз гастролдон түн жарымда келебиз, андай учурда башка кайненелердей болуп кабагын салбай чайын даярдап тосуп алат. Апам экөөбүз салондорго чогуу барып, дүкөн кыдырып кийимдерди бирге тандайбыз. Аксакал келиним деп дайыма мени менен кеңешип турат. “Жоолук салынбай эле кой”, — деп келин болгонума бир ай боло электе эле уруксат берген. Жоолуксуз эле сыйлаганың жетет дейт. Менин кайнене деген статусум бар деп отуруп албай, эмне оокат кылбайын дайыма жанымда жардамдашып турат. Ушундай заманбап кайненелүү болгонума Кудайга миң мертебе шүгүр кылам.

Уултай апа, 80 жашта: “Гүлмирага оокат жасатып кыйнаган жокмун”

– Илгери менин кайненем өтө катаал болгондуктан мен келиндеримди антип катуу кармаган жокмун. Бул ырчы келиним — 3 келиндин кичүүсү, эркеси. Келин болгону оокат жасатып кыйнаган жокмун. Ырдап эле сахнада жүргөнүн өзүңөр деле көрүп жатсаңар керек. Картайганда көп ооруп калат экенсиң, ооруган сайын шаарга барып Гүлмиранын колуна түшөм. Ал орусча айтканда “шустрый”. Догдурлар менен бат тил табышып, мени дарылатып бат эле айыктырып коёт. Айылга келишкенде өзү билип жоолугун салынып келиндик кызмат кылымыш болуп калса, сүйүнүп калам. Анан да мага арнап жоолук, көйнөгүн көтөрүп келип мени көндүрүп коюптур. Келиним келсе эле жаш балача колун карап калам.

Гүлмира кайненеси тууралуу:

– Менин кайненем мага кайнене эмес, чоң апамдай эле туюлат. Айылга барганда да чоң апамдын үйүнө барып эс алгандай болуп эле эс алып, эркелеп кайтам. Мага да ал кичинекей небересиндей мамиле кылат. Кичүү келини болгонума карабай бизди ырдайт деп шаарга коюп койду. Өзү 80 жашка чыкса да тың. Өткөндө: “Гүлмира, кел эми, сандыктын ачкычтарын ал, мен атаңдын жанына кетейин”,- дейт. Анда мен тамашалап: “Апа, мен барбай эле коёюн, сиз кетпей эле коюңуз, андан көрө өзүңүз жаш келин болуп жүрө бериңиз”,- деп койгом. Бирок кайненем жалгыз жашабайт, кайнежем балдары менен апамдын колунда.

Кимсанбүбү апа, 57 жашта: “Асема Баткендин тилине түшүнчү эмес, азыр бизден кыйын сүйлөп калды”

– Асема — эки келинимдин кичүүсү. Буюрса, анын колунда калам деп ойлойм. Асема жаңы келин болуп келгенде ичеги-карын жууп артканды үйрөткөм. Шаардык кыз болсо мурдун чүйрүп качабы десем, жок, кармалашып үйрөнүп алды. Баткенге келгенде жоолукту салынып эртең менен эшиктин алдына суу сээп шыпырат. Башында биздин сөздөргө түшүнбөй эмне десек эле: “Макул”, — деп башын ийкей берчү. Азыр биздин тилди бизден кыйын билип,тамашалашып калды. Бир нерсени туура эмес кылып жатса акырын эле: “Кызым, ушуну мындай кылсак кандай болор эле?”- деп койсом дароо түшүнөт мага жакпай жатканын. Эч качан башка кайненелердей болуп кагып-силккен эмесмин. Асеманын өзүн таза, тыкан алып жүргөнүн өзүмө окшоштурам. Анан да өжөрлүк сапатын байкадым. Албетте, келинимдин чыгармачылыгын колдойм.

Асема кайненеси тууралуу:

– Менин кайненем мугалим болгондуктан мага билдирбей эле өзүнө жаккандай кылып тарбиялап алды окшойт. Себеби ага эмне жагат, эмнени жактырбайт көзүнөн эле билип алып, ошого жараша мамиле жасайм. Апамдын жүрүш-турушу эле мага үлгү, тарбия десем болот. Анткени жарашыктуу кийинип, орду менен сүйлөйт, өзүн дайыма маданияттуу алып жүрөт. Фигурасын да аябай жакшы караган. Кайненемдей болсом жаман болбойм деп ойлой берем. Экөөбүздүн табитибиз дайыма төп келет. Ушул кезге чейин бетиме кемчилигимди да айта элек, мактай да элек. Бирок кайненемдин мага ыраазы экенин элден угуп калам. Ал да өз ордун, мен да өз ордумду жакшы билгендиктен ортодо түшүнбөстүктөр көп жаралбайт. Бирок мен дайыма кайненемди угам, баары ал айткандай болот. Чыгармачылыгымды колдоп мага ошончолук шарт түзүп берип жаткандан кийин мен да кайненемди колумдан келишинче сыйлаганга аракет кылам.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу