Жыкеңдин жеңил пиары же «атың чыкпаса жер ɵрттɵ»

Жыргылбек Турускулов деген бирɵɵ бар кыргыз саясатында. Жогорку Кеңештеги «Республика Ата Журт» фракциясынын лидери болуп жүрɵт. Ɵмүрбек Бабанов чет ɵлкɵгɵ чыгып кеткен учурдан пайдаланып интрига менен аталган фракцияга лидер болгон. Башкача айтканда Руслан Казакпаевден кызылдай эле тартып алган. Болбосо, Турускуловдун Бабанов менен Казакпаевге каршы чыга турган жɵнү жок эле. Айтор, «Багелектеги бит башка чыгат» дегендей эле кеп болгон.

Ушул Жыргалбек Күрүчбекович 29-апрель күнү Бишкек шаарынын туулган күнүнɵ «белек» кылыптыр. Эмне «белек» экен дебейсизби? Кадимки бир сомдук тыйындын сɵлɵкɵтүн эки метрлик жыгач менен жасатып «Кыргызтелекомдун» алдына койдуруп, «Сүйүктүү шаарыма белек! Жыргалбек Турускулов» деп бадырайта жаздырып коюптур. Эмне максат менен мындай «ачылыш» кылганын биле албадык. Бирок, шайлоо жакындаганда атын элге сиңире албай ушундай жеңил пиарларга басым жасап жатканын айттырбай сездик. «Атың чыкпаса жер ɵрттɵ» деген ушул эмеспи. Анан да ал атын жаздырган жерге «Бир сом жүз тыйындан куралат» деп жазып койуптур күйдүргү. Биз ойлоп жүргɵнбүз да бир сом 99 тыйындан куралат окшойт деп. Ырас билип албадыкпы…

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу