Жыгылган күрөшкө тойбойт же Сагинбаеванын “оптимизациясынын” түпкү максаты эмнеде?

Акыркы күндөрү Улуттук госпиталдын аты массалык маалымат каражаттарында байма-бай айтылып жатат. Бүгүнкү маалыматтар боюнча Улуттук госпиталда кайра түзүү иштери жасалганы туруптур. «Бөлүмдөрдү кайра түзүүнүн түпкү максаты көздүн микрохирургиясы бөлүмүн жоюп, ал бөлүмдүн башчысы Салтанат Иманбаеваны жумушсуз калтыруу» – деп билдирди адвокат Такен Молдакулов 11-февралда өткөн пресс-конференцияда. Ал госпиталдын директору Сагинбаева Динара Зарлыковна менен бөлүм башчы Салтанат Иманбаеванын ортосундагы пикир келишпестикке токтолуп, 2018-жылы Динара Сагинбаева Салтанат Иманбаеваны жок жерден кызматтан бошоткондугун жана өз кезегинде сот аркылуу Салтанат Иманбаева жумуш ордуна кайткандыгын белгиледи. Сот Сагинбаева чыгарган буйрукту жокко чыгарып, Иманбаеваны жумушуна кайтарган. Эми Сагинбаева Улуттук госпиталда кайра түзүү иштерин жүргүзүүнү шылтоолоп Салтанат Иманбаева жетектеген бөлүмдү толугу менен жоюп, андан кутулуунун аракетинде болгон эшиктердин баарын кагып, жандалбастап жүргөндүгүн айта кетүү ашыкчалык кылбайт. Кызыгы 18 жылдан бери калкка кылган кызматы менен алдыңкы орундарда келе жаткан бөлүм Сагинбаева Улуттук госпиталга келгенден тарта эле «жаманатты» боло баштаганы…

«Жакынкы күндөрү укук коргоо органдарына бизде болгон материалдардын негизинде Улуттук госпиталдын башчысына өзүм билемдик менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча кайрылабыз», – деп кошумчалады жактоочу.

Таң калычтуусу, Саламаттыкты Сактоо министрлиги бул иштерден кабары барбы? Жок дегенде эмне максатта кайра түзүү иштери кокусунан эле башталып калды жана Улуттук госпиталга канчалык деңгээлде зарылчылыгы бар деп сурап койбойбу, жарыктык? Урматтуу Космосбек Чолпонбаев, өзүңүздүн тармакта эмне башаламандыктар болуп жатканына чолоңуз тийбесе, жок дегенде орун басарыңар элдин саламаттыгын тейлөөчү жакта эмне кеп болуп аткандыгына кызыгып койсо ашыкча болбойт.

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу