Жусупжан Жээнбеков, коомдук ишмер: “КСДПда жасакерлер, пайлап турган “куу көтөндөр” жүрүшөт…”

Жусупжан аке Бишкекке келген сайын жолугуп, бир чайнек чай үстүндө аңгеме-дүкөн курабыз. Ал-жайды сурашкандан кийин темабыз өзгөрүлүп, саясат айдыңына чыгып кетет.

— Жусупжан аке, парламентаризм жөнүндө учкай кеп кылалы, бүгүнкү күндө бизде «парламенттик башкаруу, коалиция башкарат» дейбиз, а коалиция деген эмне?

— Кекиртектен албай жөн тур, үка! Бишкекке келген сайын сендей инилериме жолугушуп, баарлашып, «курсагым тоюп кетет»да. Редакторуңар Асланга жолукпасам кетпейм, жакшы көрөм. Себеби, силердин эмнеңер жагат: менин сөзүмдү жашырбайсыңар, түз сүйлөгөнүмдү билесиңер, ошондон коркпостон оюмду угуп коёсуңар… Бүгүнкү күндө биздин мамлекетте парламенттик башкаруу системасы өкүм сүрүүдө. «Коалиция башкарат» деген кеп — коалиция министрлерди ырастайт, дайындайт, бекитет. Коалиция мыйзамдарды кабыл алат. Коалиция — «уюм» деген латын сөзү, «муштум» десек болчудай.

— Коалиция бизде барбы, жокпу?

— Теория жагынан бар, «большевик», «меньшевик» болуп бөлүндү. А мен билгенден төрткө: биринчиси, Атамбаев тараптагылар, экинчиси, Атамбаевсиз тараптагылар, үчүнчүсү, ортодо пайлап турган «куу көтөндөр» жана төртүнчүсү, «мени каякка бар деп айтат» деп «жогору» жакты карап турган жасакерлер. Алар акчасын кармап алып, «мен пулун бере коём, любой партияга кошулуп алам» деген мээлери саал-паал бөксө, байлыгына чиренген көпөстөр, «Өнүгүүнү» алалы, булар дагы эки-үчкө бөлүндү. «Республика — Ата Журт» менен «Кыргызстан» партияларынын кимиси лидер, кимиси катардагы фракция депутаты экенин түшүнүп болбойт. «Ата Мекендин» 60 пайызы оппозиция болуп жүрөт. Калган Сайдулла-Пайдуллага окшогондорго сөз жок, сүйлөбөй эле коёюн, деңгээлдерине теңелгим келбейт. Ушундан улам менде «бүгүнкү күндө парламенттин Кыргызстанды башкарганга укугу барбы?» деген суроо пайда болуп атат. Себеби, ички дүйнөсү төрткө-бешке бөлүнүп, жарылып аткандарда «каяктагы башкаруу?» дегам келет.

— Сиз айткандай, башкарганды билишпесе, акылдары жетпесе, жөндүү мыйзам чыгара алышпаса, анда эмнеге отурушат?

— Парламенттегилер отурат, кетпейт. Анткени алар өлгүдөй акчасын короткон. Буларды азыр сойсоң кан чыкпайт. Мамлекет үчүн иштебейт, «шайлоодо акчам кетти эле, кантип актайм?» деп өздөрүнүн камында. Муну убагында бир окумуштуу «башы иштеген, элди башкарган адамдардын баары четке чыгат, ордуна бандиттер, соодагерлер келет» деп айткан экен. Азыркы абалды күн мурун айтып коюптур. Бул жолду биз басып өтүшүбүз керек окшойт.

— Парламенттин келечеги барбы?

— Жакшы собол таштадың. Келечекти ойлой турган болсок, бүгүнкү парламентти таратыш керек. Жок кылардан мурун ушу парламент менен Башмыйзамга өзгөртүү киргазүү зарыл. Кээ бирлери «1993-жыл-кы Башмыйзамды кайтарыш керек» деген сыяктуу ар кайсыны айтышат. Жок, мен ушундай эле айтам, мыйзам артка кетпейт. Кээде «сиз кайрадан төрөлүп калсаңыз, ушу жолду тандап алат белеңиз?» деп журналисттер сурап калышат.

 сиз…

— «Жок, баштабайм. Бала-чакамды кайда алпарам? Жеңеңдин курсагына кайра кирип кетеби?» дедим. Ушул суроого мурдунун учунан алысты көралбаган саясатчы сөрөйлөр «эгер мүмкүнчүлүк болуп калса, кайра баштамакмын, момуну кыйратып, тигини ойсуратып…» деп жанды кашайтып кыйынсынышат. Ал эми парламенттин келечеги тууралуу сурооңо мен мындай жооп берейин. Бизде жер-жерлердин кызыкчылыгы жок болуп калды. Чакан мамлекетибизге 120 депутаттын кереги жок. Менин оюмча 70 депутат жетет. Жарымы партиядан, а жырымы бир мандаттуу болсун. Ошондо региондор көмүскөдө калмак эмес. Ар айдын акыркы он күнү шайлоочулар менен жолугушсун. А бизде эмне болуп атат? Бирөөлөр бала-чакасын алып кетет, бирөөсү Түркияга, Эмиратка кетет. А дагы бирөөлөр Россияда иштеп, тапкан-ташыганына спорт зал курса, ошо жерге кыйын киши болуп барат. Ал жерге бир тыйын кошкон эмес, кошпосо да барат. Анан а жигитке визиткасын берип, төшүн көтөрүп коёт. Андайды көргөн мен байкуштун күйбөгөн жери күл болот, жанымды коёрго жер таппай кетем, энеңдурайындыкы!..

Булак: АЗИЯnews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу