Жусупжан Жээнбеков: «Досум Алмаздын колуна кишен салынса, кабар алганга кудурет жетет»

— Жусупжан агай, саясий майдандан көп көрүнбөй кеттиңиз, эки достун кимиси жеңишке жетишээр экен деп баам салып үн катпай олтурасызбы?

— Туура, азыр саясаттан бир аз алыстап турам. Себеби, саясатта тынбай эле такай жүрө берсең “Аябай кыйын экенмин, менден өткөн саясатчы жок” деп ооруп калгыдайсың. Кудай буйруса алдыда көптөгөн пландар бар. Саясий аренага дагы кайра чыгабыз. Ал-күч, саясий эрк, жигиттик дух Кудайга шүгүр. Баарын мен билем деген кээ бир жаштарыбызга акыл-насаат айтып, керек болсо иштегенди да үйрөтүп койгонго күдурет жетет деген ойдомун. “Эки дөө чабышса, ортодо бейажал чымын өлөт” деп айтылгандай, эки чоңдун тиреши салык төлөөчү карапайым элибизге оор тийет. Менин оюмча бул экөөнүн узун сабактуу кошогу түрктөрдүн “Даңазалуу Доор” деген сериалындай эле элес калтырууда. Ачуу чындыкты керек болсо уялбай моюнга алуу керек. Атамбаев Жээнбековдордун үй-бүлөөсүнө ар-тараптуу өнүгүп-өсүшүнө өтө чоң салым кошту десем болот. Кээ бир ата-эне, агайын туугандар да өз балдарына мынчалык колдоо көргөзө албайт. Мен экөөнүн урушуп-талашканына эч кызыгым жок, заманыбыз тынч болушун каалайм, экөөнүн ортосуна “май” чачкан саясатчылар деле бар арабызда.

— Эски досуңуз Атамбаев менен кезинде катуу айтышып кеткен элеңиз. Азыр ал кишини өз адамдары жалгыз таштап кетип жатканын көрүп боор ооруп жатасызбы, же ушуну көрмөк деп атасызбы?

— Убагында жакшы эле чогуу жүргөнбүз, өзүңө белгилүү, балам аркылуу катуу уруша кеткенбиз. Ал иш өттү-кетти. А. Атамбаев өтө кекчил, кара-мүртөз адамдай. Себеби, 2009-жылы президенттикке ат чабышам дегенде СДПКнын съездинде сөз сүйлөп, залда олтурган партиялаштарыма “Сиздер А. Атамбаевди “культ личность” кылбагыла, сен Алмаз Шаршенович арабыздан ораторлор чыгып мактаса маашырканба, эртең бир нерсе болсо мына ушулар сени биринчилерден болуп сатат” деген элем. Ошол сөздөрүм да катуу тийген болсо керек деп ойлойм. Азыр менин боорум ооруганы, Атамбаев жалгыз калгандай сезилет. Өзүң барып интервью алсаң, “Убагында досум дегендери кайда, азыр бала-чакасы менен карым-катнаш кылган чыныгы досу бар бекен?” деген суроого жооп издесин. Ичимдин ачышканы – жаш уул-кыздарыбызды тарбиялап, өстүрөм деп алардын келечегине балта чаап койгону. Ошол уул-кыздарыбыз иштеп турганда “Тарт тизгиниңди, таза кызмат өтө, али жашсыңар!” десе болмок. Алардын арасынан да “ат көрбөгөн минип өлтүрөт…” дегендери да болду. Атамбаев буудай өндүрөм деп эккен уруктары кадимки тикенек болуп чыгышты, тыянагы мен айтпасам да белгилүү болбодубу.

— Экс-президент эски досторунан кечирим сурап, тизе бүксө, эски достору ага тирөөч болуп бергенге жарайбы?

— Азыркы күндө аябай жаман сөздөр да артынан калбай айтылып келет, бул факт. Күнөө өзүндө, бийликке жеткиче досторунун бирине аке, бирине үке, бирине дос деген сөздөрдү айтып жүрүп, “эшеги ылайдан өткүчө энемди берем, эшеги ылайдан өткөн соң эмнемди берем?” деп баарын унутуп, өзү олтурган бутакты аралап жогору чыга берди. Кайра жерге түшөөрүн ойлогон жок. Жада калса коңшу мамлекеттер менен да карым-катнаш мамилелерди бузуп кетүүгө аракет жасады десем деле жаңылышпайм.

— Эски досуңузду өлкөдөн чыгарбай колуна кишен салыш керек деген пикир басымдуу болууда. Эгер Атамбаев камалып кетсе, ынак досу катары абал сураганга жарайсызбы?

— Эгер айыптарын укук коргоо органдары мыйзамдуу түрдө тастыктаса, анда сөзсүз түрдө Кыргызстандын жараны катары сот алдында жооп берүүсү зарыл. Эгер досум Алмаздын колуна кишен салынып, камалып кете турган болсо, абалын сураганга жарайм. Бул менин адамдык абийирим. Кимдир бирөөнүн башына кара түн түшүп жатса, кол сунгандын неси жаман? Досумдун дагы башына оор иш түшсө, табалабай кабар алганга кудуретим жетет. Андай жамандык жыландын башына да түшпөсүн. Бүгүнкү күндө калың катмар эл арасында бул бийлик кандай иштеп жатканы тууралуу бетине айткан бычакка сап болоор оппозициялык уюм же партия жок. Жалгыз-жарым болуп бир-экөө айтып жүрөт, дүбүртү угулат бирок чаңы чыкпай жатат. Кандай мамлекет болсо да күчтүү оппозиция бар жерде өнүгүү болот, мына ушундай ойлорду ойлонсо болот.

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу