Журналист Баян Кулова, Назира Айтбековага: » Эгер күрүч отогон талаада иштесең эртеси эсиңе келбей куламаксың!»

Журналист Баян Кулова, теле алып баруучу Назира Айтбекованын кемчилдиктерин көзгө сая жазып чыкты.

“Айланайын Назира (Айтбекованы айтам)… Деги кечээ Сармерденди бөлүнүп араң турган түндүк-түштүк элине карата кандай сөз айтканыңды түшүндүң бекен өзүң…? Өзгөндүн күрүчүнө басылган аш качантан бери өзбектердики эле? Өзгөндүн эли «сен өзбектердин тамагы» деп мурдуңду чүйрүп аткан күрүчтү канча түйшүк менен өстүрөөрүн билесиңби? Албетте билбейсиң, эгер күрүч отогон талаада иштесең эртеси эсиңе келбей куламаксың. Ушул сөздөрдү айтпай, алдыңа келген даамга сын койбой, кесирленбей, керсейбей ооз тиймексиң. Өзгөн күрүчүнүн Манастан бери келе жаткан тарыхын Манасчы Рыспай агай сонун айтты го дагы эмне керек сага…. Жок дегенде маданияттын адамдары бөлүнбөсөңөр эмне? Өзгөндүн ашынын даамы жагынан дүйнө элинин күрүчтөрүн жолдо калтырат. Бул боюнча акыл айтса тоодой таштай болгон Алтынай Нарбаевага берген жообуңду эл укпасын. «Кечирим сурадым го»-дептирсиң үнүңдү көтөрүп. Кечирим сураардан мурун сүйлөөр сөздү ойлонуш керек алтыным.
Синтетика калпагыңар деп жаман эле өзүңдөн кеттиң, ал калпактар кийизден жасалганын, болгондо да сапатуу жасалганын сүрөттөн көргөндөр калыс болоор. (Дайырдын башындагы калпак мисал….) Жаш эмессиң, бала эмессиң, сөздүн гүлүн терип сүйлөйсүң. Ойлонуп коюш керек кичине. Тоңдуктар жеңдик деп ызы-чуу түшүп атасыңар жеңишиңер кут болсун. Бирок өзгөндүктөрдүн кантип даярданганын баарыбыз көрдүк…
Эх, кыргыздын түбүнө дал ушул трайбалисттик адат жетет. Биздин өлкө башчыларыбыз эмес, бийлигибиз эмес, ушул маданият чөйрөсүнөн бери кирип алып былгытып жаткан трайбалисттер жетет…
Мурдуңардын учунан башканы көрө албаган адатыңар жетет, каргыш тийгирлер….. Кечээ Сармерден көрбөй эле, бүтүндөй трайбализмди көрдүм. Уят!”, — деген пикирин жазып чыкты Баян Кулова.

Белгилүүлөрдөн Дайыр Исмадияров, “dayir_ismadiarov Туура сөз болуптур. Биздин калпак точно синтетика эмес болчу жана арендага да алган эмеспиз”, деген пикир калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу