Жунушалиев акты кара, караны ак дегенге өтөбү?

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги бир иш боюнча эки сүйлөгөндөн такыр уялбайт экен. Мына буга дейре камактагы Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун киши колдуу болуп каза болушу боюнча саясий өңүт жоктугун кайра-кайра какшашкан.

Эми 180 градуска өзгөрүп, «Саляновду өлтүрүү ишинде саясий өңүт болушу мүмкүн» деген маалымат таратты.

Минтип шашылыш «бээ төө болчу экен» дегендей билдирүү таратышканына караганда, бул кылмыш ишин дагы экс-президент Алмазбек Атамбаевге төнкөрүүгө даярдык көрүлүп жаткандай. Эгер ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев ушундай планды ишке ашырууну максат кылып жатса «ит эле» болот го…

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу