Жумабеков бийликке эч качан аброй алып келбейт…

Дастан Жумабеков тез аранын ичинде Жогорку Кеңештин спикерлигинен кетпесе бийликке жана Жогорку Кеңешке карата нааразычылык ого бетер күчөп, абал курчушу мүмкүн. Учурда Дастан Жумабековдун спикерликтен кетишин талап кылып өлкөдө жаштар маселе көтөрүшүүдө. Тилекке каршы, Жумабеков өзүн мыкты иштеп жатам деп эсептейт. Бирок аны Талас областы боюнча балансты сактап туруу үчүн спикерликке алып келишкенин эске ала турган болсок, анын кадыры Таласта нөл! Тарапташтары жокко эсе. Мындай саясатта салмагы жок спикер менен бийликтин аброю төмөндөбөсө жогорулабайт! Эси барда этегин жыйып кетип калышы керек болуп турат.

БУЛАК: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу