Жол эрежесин бузгандарга карата айыппулдун өлчөмү көбөйдү

Ички иштер министрлиги билдиргендей, 1-январдан тартып Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга карата айыппулдун өлчөмү көбөйдү.

Бул эрежелердин негизинде айрыкча мас абалда машине башкаргандарга айыппул жогорулады. Мындай учурда мас айдоочуларга 17 500 сом айыппул салынат.

Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айыппул төлөйт.

Мастыгын аныктоого баш ийбей койгондорго 5500 сом айып каралган. Ушундай эле сумма куткаруучу кызматтардын автоунааларына жолду бошотуп бербей койгон айдоочулар жана айдоочунун күбөлүгү жок рулга отургандарга тиешелүү. Мотошлем жана коопсуздук курун тагынбай койгондор 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып тартат.

Буга чейин коопсуздук кемерин тагынбагандарга 300 сом, мас айдоочуларга 10 миң сом айып салынып келген.

Жаңы жылдан кийин эреже бузганы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтуруу тартиби күчүндө калтырыла турганы айтылды.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу