ЖОЛ МИНИСТРИ БЕЙШЕНОВ БАРБЫ Ө3Ү?

Түндүк менен түштүктү бириктирген Кусеин Кельбаев атындагы туннель бар экенин баарыбыз эле билебиз. Ошол туннелдин абалына кызыгып кой- гон киши жок. Жаңы келген жол министри Жанат Бейшенов каякты карап олтурат? “Жаңы дем, жаңы күч менен иштейм” — деп келгенден кийин, жогору жактан ишеним көргөзүлсө, ошол берилген ишенимди актабайбы? Өзүнүн да, өкмөттүн да ишин артка тартпай. Министрликтин алдында Бишкек-Ош дирекциясы бар эле, бүгүн барбы? Эмне иш кылып жатышат? Иштешеби же туннелдин жолу талкаланып, унаалар өтө албай калган абалга келип, айдоочулар Ак үйдүн алдына митингге ‘ чыкканда аракет жасашабы? Андайга абалга жеткирбей эле кыла турган ишиңерди кылгыла да. Дегенибиз болгону 2,7 чакырым туннелдин абалы оор. Ичиндеги ис газдарды тазалоочу вентиляторлор начар иштеп, унаа кебейгенде ичи туман. Ал аз келгенсип жолунун абалы койчунун жаман чапанындай болуп жүз жамачы. Көзөмөлдөгөн жан жокпу урматтуу министр мырза? Айдоочулардын нааразычылыгы күндөн-күнгө күчөп жатат. Алдыда Талас облусунда көчмөндөр оюндары өтөт. Таласка да ушул туннель аркылуу өтөөрүн билесиз. Ошондуктан, калктын каарына калбай арыдан бери кылыңыз министр Бейшенов мырза.

БУЛАК: Факты.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу