Жолдубаевага тартылган тузак…

Кылмыш иши козголоор алдында, чабыла турган капканды “далысынан сезип” Америкага качкан Кыргызстандын мурдагы биринчи-вице-премьер-министри, экс-депутат Аскарбек Шадиевди Биринчи Май райондук соту 25-декабрда он жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүм чыгарган. Ал арада мурдагы аткаминерге кылмыш ишинин кеч козголушуна, мүлкүнүн дээрлик баарынын сатылып кеткенине байланыштуу ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жоопкерчилигин кароо талабы коюла баштады. Аскарбек Шадиевдин кылмыш ишиндеги айрым жагдайларды УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов ачыкка чыгарып, кылмыш иши козголгонго чейин Шадиев мүлкүнүн дээрлик баарын сатып, чет өлкөгө чыгып кеткенге үлгүргөнүн айткан. Кадыркулов вице-премрер-министр кызматы менен кошо депутаттык мандатын да сактап турган Шадиевге кылмыш ишин башкы прокурор гана козгой аларын, бирок белгисиз себептерден улам Индира Жолдубаева материалдарды алганы менен иш козгобой койгонун белгилеген. Мындан улам, Жолдубаеванын жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлүп атат.

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу