Жолдошум кичинекей кызы бар экенин менден жашырып жүрүптүр…

Менин азыркы никем жолдошум экөөбүздүн тең экинчи никебиз. Көптөн кийин уулду болдук. Жолдошумду аябай сүйчүмүн, кызганчумун. Чынын айтканда, ал аял жандуу. Бирок, мен кечирип, унчукпай, көңүл бурбаганга аракет кылчумун. Учурда Москвада иштейт.

Жакында катуу уруша кеттик. Ал бойдок кезинде Москвада бирөө менен жүрүп, ага үйлөнүп алган экен. Аз эле жашап, ажырашып кетишиптир. Ал никесинен кызы бар экен. Ушунча убакыттан бери мага айткан эмес.

Эмне үчүн мага айткан эмессиң. Сен мени алдадың десем, телефондон кыйкырып, мен сага тойдум, жогол, балаңдын кереги жок. Алгын да кете бер деп, айтпаган сөздөр менен мени сөктү.

Кете берейин десем, кайын энем эч жака кетпейсиң, деп кое бербей койду. Бир нече күн таарынышып жүрдүк. Эми ал мага кайра жакшы сүйлөп жатат.

Мен болсо, аны кечире албай атам. Көңүлүм калды, көргүм жок. Телефондон үнүн уксам кайра ачуум келип, мурунку кылыктары эске түшөт. Кетип калайын дейм, балама боорум ооруйт.

Кантип мурунку мамилемди, сүйүүмдү кайтарам? Кантип кечирем? Жардам бериңизчи?

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу