Жогорку сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан өкүмдү күчүндө калтырды

Жогорку сот 2019-жылы күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап чыкты.

Тараптардын жүйөлөрүн уккандан кийин коллегия Текебаев менен Чотоновго чыккан өкүмдү күчүндө калтырды. Алар 8 жылдан эркинен ажыратылган. Жогорку сот адвокаттар сурангандай саясатчылардын ишин кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн жок.

Бирок мүлктөрүн конфисакциялоо боюнча чечимди өзгөрттү. Ага ылайык, Текебаев менен Чотоновго кылмыш ишине байланышы жок конфискацияланган мүлктөрү кайтарылат.

Саясатчылардын тарапташтары саясий чечим чыкканын билдиришти. Сот жыйыны 23-апрелге белгиленген, бирок мамлекеттик айыптоочунун суроосу менен 3-майга жылдырылган.

Буга чейин Текебаевге юридикалык көмөк көрсөтүп жаткан «Адилет» укуктук клиникасынын юристи Тимур Султанов соттук коллегия «Ата Мекен» партиясынын лидери, түрмөдөгү саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча караларын “Азаттыкка” билдирген.

Жаңы жагдай катары Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстеринин жаңы редакциясы ишке киргенин атаган. Ал актыларга ылайык соттолуучулардын жаза мөөнөтү кыскарышы мүмкүн.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон.

Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, Башкы прокуратура андан баш тарткан.

Кийин арыздануучу Леонид Маевский өзү Орусияда ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн камакка алынган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу