ЖОГОРКУ КЕҢЕШ 1,5 МИЛЛИОН СОМГО ПАРДА САТЫП АЛГАНЫ ЖАТАТ

Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыялангандай,  Жогорку Кеңеш 1,5 миллион сомго парда жана жалюзи сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Көрсөтүлгөн сумманын ичинде пардаларды орнотуу кызматы дагы бар.

Анда парда сапаттуу кездемеден жасалышы керектиги айтылат. Ага 1 миллион 171 миң сом бөлүнгөн.

Мындан сырткары аянты 500 чарчы метр жана 70 чарчы метр жалюзи сатып алууну пландоодо. Буга 329 миң сом каралганы маалымдалды.

Жогорку Кеңеш муну пардалар эскилиги жетип, 7 жылдан бери алмаштырыла электиги менен түшүндүрүшүүдө.

Тендер 4-апрелде жарыяланып, арыздарды кабыл алуу 12-апрелде аяктайт.

Булак:Каганат 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу