Жогорку Кеңеш мыйзамды бузуп жатат

КСДПнын жетекчисинин милдетин аткаруучу Асел Кодуранова Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу аракетинде мыйзамдык нормаларды бузуп жатканын айтып чыкты. Ал бул туурасында: “Кандай жол менен болсо да депутаттар жайкы каникулга кеткенче Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууга аракет кылып жатышат. Мөөнөттөр бузулууда. Биз эсептесек, кеминде 2-2,5 ай убакыт кетмек” — деп билдирди. Ошондой эле Атамбаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамында ага «Жеке таарынычы бар адамдар чогулган» — деп белгиледи.

БУЛАК: Фабула 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу