Жогорку Кеңештин баркы жана баасы…

«Каникулга кеткен парламентин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?», деп «Фабула» гезити айрым бийлик өкүлдөрүнө жана коомдук активистерге суроо узаткан.

Замира СЫДЫКОВА, экс — элчи:

-Атамбаевдин кол тийбестигин алып салганы менен бул парламент өзүнүн жараксыздыгын көрсөттү. Албетте, ал нерсе ал парламенттин эмес башка бир жерде отурган кишинин күнөөсү. Ал бул институттун кадырын кетирди.

Асан ЖАКШЫЛЫКОВ, жазуучу:

-Кыргыз мамлекетин парламенттик өлкө дейбиз. Бирок ишмердүүлүгү ошол макамга толук жооп береби деген маселе бар. Демек, ишмердүүлүгү арсар күү сыяктуу.

Артур МЕДЕТБЕКОВ, генерал:

-Мен парламенттин ишин экиге бөлүп карайт элем. Биринчиси 2015 — жылдан 2018 — жылга чейинки парламент өз милдетин, функциясын жогорку деңгээлде аткара алган жок деп баа берет элем. Ал эми 18 — жылдан бүгүнкү күнгө чейинки убакта мурдагыга салыштырмалуу көп маселелерди талкуулап, коррупцияга каршы күрөштө катуу туруп, мамлекеттин кызыкчылыгын караган маселелерде мурдагыга салыштырмалуу өздөрүнүн жоопкерчилигин сезип, принципиалдуулугун көрсөттү. Ошондой эле иштей турган мүмкүнчүлүгү бар экенин далилдей алышты. Ошол жагын эске алып, канааттандырарлык иштеди деген баа берсек болот.

Нарис КАЛЧАЕВ, активист:

-Парламент өз функциясын так аткара алган жок. Экс президенттин кол тийбестигин ажыратуудагы кетирген кемчиликтери азыркы парламент өз таасирин жоготуп, президенттик аппараттын бир бөлүгүнө айланганын далилдеди. Алар чыгарган мыйзамдардын басымдуу бөлүгү саясий чечимдерди ишке ашыруу үчүн жетинчи кабаттан келген буйруктун негизинде кабыл алынып жатат. Бирок депутаттар чычалашканы менен эл дагы Атамбаев туура салыштырганына ынанышып, атына жараша заты бар экен дегендей баа беришти. Кыскасы, парламент толук бойдон өз алдынчалуулугун жоготту. Кыскасы, парламент саясий банкрот болду.

-Улукбек МАМАТАЕВ, «Ак калпак» партиясынын лидери:

-Кандай болбосун бул эл шайлаган парламент, жаманбы — жакшыбы биз сыйлашыбыз керек, өзгөчө ушул жылы жакшы үзүрлүү иштешти. Акыркы мезгилдеги окуяларга кайрылсак, Атамбаевге тиешелүү маселеде парламент өзүнүн саясий эрки бар экенин далилдешти.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу