Жогорку Кеңеште Атамбаевди мөөнөтүнөн мурда кетирүү планы даяр болуп калдыбы?

Парламент ичинде Алмазбек Атамбаевге каршы тымызын интрига башталганы, бу жагын азырынча кылдат «дирижерлор» жүргүзүп атканын эшиттик. Маселен, президентти мөөнөтүнөн эртерээк түшүрүү чечими Чыныбай Турсунбековго барып  такала турганы кылтыйгандай… Эмесе, биз ички секреттерди коомчулукка ачканга аракет жасайлы.

Бардыгы эле «шайлоо тынч өтсө экен» деп атышат. Бирок, «бураманы катуу бурайм» деп атып, шеф резьбаны кесип ала турган болсо, «Жогорку Кеңеште 80 добуш менен Атамбаевди мөөнөтүнөн мурда кетирүү планы даяр эле болуп калыптыр» деген каңшаардын чындыгы канчалык мааниде? Баардык саясый элиталар «самосохранение инстинкти» карманышып, Конституциядагы импичмент ыкмасын пайдаланбай-этпей эле, «жашыруун себептер менен» деп атайын комиссиянын чечимин бир заматта эле бекитип, спикер Турсунбековго и.о. президенттикти жүктөп коюу аракеттери ишке ашабы? Мындай мүмкүнчүлүк мыйзамда көрсөтүлгөндөй, 80 добуш менен эле чечиле турганы болжонууда. Атамбаев душмандарынын санын көбөйтө берсе, «баарыңарды камайм, коррупциянын түбүнө жетем» деген жинин тыйбаса, «ары карап ыйлап, бери карап күлгөндөр» жапатырмак каршы добуш менен чыгышса кантебиз?

Кокус Чыныбай кыйшактаса, ошол эле 80 добуш менен жаңы спикер шайланып, ошол эле кишиге и.о. президенттикти жүктөп койсочу? Буга чейинки Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиевдердин иштери аз келгенсип, акыркы эки кылмыш иши – Иса Өмүркулов менен Канат Исаевге козголгону толугу менен депутаттык корпустун жүрөгүн түшүрүптүр. Бир эсе Өмүрбек Бабанов дагы Атамбаевдин такай коркутууларынан чарчаса, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулаймановдор берегидей планды жата калып колдошоору анык. КСДПда деле атамбаевчил депутаттардын саны ашып кетсе 15тей эле. «80 эмес, сааты келгенде 100 добуш оңой эле чогулат» деп бири-бирин парламент лөктөрү ишендирген учуру. Ошентип, баардык фракция лидерлери күтүүсүз оюнга психологиялык жактан даяр болсо…

Деги кайда баратабыз? Эми бул «барбаросс планды» Атамбаев окуп алып, ойт берчүлөрдүн «куйруктарын» биротоло толгоп салышы мүмкүн…

Булак: “Азия ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу