Жогорку Кеңешке эки жаңы депутат келет…

Жогорку Кеңештин депутаты, “Кыргызстан” фракциясынын өкүлү Нурлан Макеев 12-июнда Түркиянын Стамбул шаарында жүрөгү ооруп көз жумду. Эми анын ордуна Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынан депутат болуп, Кыргызстандагы эң бай салыкчылардын бири катары саналган Орозбек Алыбаев келет. Ал 2011-жылдагы мамлекеттик декларациясы боюнча 24 млн. 350 миң сом киреше табуу менен Кыргызстандагы эң бай 50 адамдын катарына кирген. Ошондой эле Мамлекеттик миграция кызматына төрагасы болуп кеткен “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Болотбек Ибраимжановдун ордуна Тариел Жоробеков келет.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу