ЖК депутаты Жыргалбек Турускулов: «40 километр алыс айылга велосипед менен барган мезгилдерим болгон»

«Ата-эне» рубрикабыздан Жаңы жылдын жаңырышы менен  Жогорку Кеңештин депутаты  «Республика—Ата Журт» парламенттик фракциясынын лидери  Жыргалбек Турускуловдун бала чагы,  басып өткөн жолу тууралуу баянына чогуу күбө болуңуздар. 

Балачагым Жумгал   районунда өттү. Мен үйдүн улуусу болчумун. Ошондуктан чоң энем менен болуп, анын колунан көп тарбия алдым. Ал киши илгерки чабандардын дүкөнчүсү болуп иштечү эле. Жайкысын атайын машина менен жайлоолорду кыдырып, чабандарга керектүү товарларды жеткирип барганда мен дайыма кошо жүрчүмүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чоң энем айкөлдүгү жанда жок инсан болучу. Үйүнөн киши үзүлчү эмес. Боорукер инсан эле.

Чоң жолдо кетип жаткан унаалар бузулуп токтоп калган айдоочуларды деле үйгө чакырып алып келип,  чайын берип, курсагын тойгузуп анан кетирчү.

Үйдөгү кийилбеген кийимдерди чоң энем жайлоого бара жатканда малчыларга ала барчу.  Элдин сый-урматына татыган адам эле. Бала чагымда чоң апамдай болуп мен дагы дүкөнчү болсом деп кыялданчумун.   Ал мезгилде балалык кыялдар экен.

Атам  райондо социалдык фонддун жетекчиси болуп иштечү. Ал эми апам эл камындагы саламаттыкты сактоо кызматында, тактап айтканда акушер-гинеколог болуп эмгектенген. Мен үйдүн улуусу катары апама үй оокатына дагы көп жардам берип чоңойдум.

Атам болсо,  абдан оор басырыктуу инсан. Биз мектептен келгенде үйгө берилген тапшырмаларыбызды сурап, өзү жардам берчү. Балдарынын бардыгын эмгекчил болууга тарбиялады десем болот. Өзү да абдан мээнеткеч адам. Азыр ойлоп көрсөм атам бизге келечекте керек боло турган көп нерсеге өз алдыбызча өздөштүрүүгө багыт бериптир.

Мен мектепте окуп жүргөнүмдө үйдөгү нан бышырган электр печка бузулуп калды. Атам ошол печканы мага оңдоп коюумду тапшырды. Мен ага каршы болуп, электрик эмес экенимди айтсам, кандай болсо дагы «оңдоп кой» деп катуу дайындап кетип калды.

Атамдын айтканы биз үчүн закон эле. Айла жок баягы электр плитасын ачып, ичин карап, чукулап жатып бир проводдун үзүлүп калган жерин туташтырып койсом иштеп калды.

Дагы бир жолу атам «козуну союп,  жиликтеп бардыгын бөлүштурүп казанга салып кой» деп кетип калды. Азыр ойлосом өспүрум курактагы бала экем. Ага чейин деле чоң адамдар мал союп жатканда жардамдашып көзүм каныгып калган экен да. Атам жумушуна кеткенден кийин олтуруп алып жиликтеп казанга салып койдум. Көрсө, атам ушунун бардыгы келечекте керек болот деген кыязда мага жаштайыман өз алдымча үйрөнүп алууга багыт берген экен да.

Чыныда эле чоңойгондон кийин ушунун бардыгы турмушумда абдан чоң кереги тийди. Кыргызда “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат”-деп коёт эмеспи. Анын сыңарындай жетимиш өнөргө жетпеген менен көп эле өнөрдү ата-энемдин аркасы менен жаштайыман үйрөнүп алыптырмын.

Ата-энем бизди эмгекчил, иштерман болууга жаштайыбыздан үйрөтүптүр. Азыр бардыгыбыз эмгекчилбиз. Учурда өз балдарыбызга ата-энебизден биз көргөн тарбияны бере албай  жатабыз. Себеби балдар шаардык болуп калышты.

Бирок, биз балдарыбызды дайыма айылга жөнөтүп, айыл турмушу менен жакындан тааныштырып турууга аракеттенип келебиз.

Жаштайыман спортко кызып өстүм. Айылдык спорт залда теңтуштарым менен бирге машыкчубуз.

Жумгалдын Чаек деген айылынан Кара-Кечеге чейин 40 километрдей алыс. Чоң энемдин үйүнөн өзүмдүн ата-энемдикине чейинки ошол аралыкты велосипед менен эле багынтып жүрдүм. Ошондой эле кичине кезимден тоодо басканды жакшы көрчүмүн.

Мектептин алдыңкы окуучуларынын  катарында болдум. Өздүк көркөм чыгармачылыкка активдуу катышып, эч нерседен тартынбай, уялбай аткарчумун. Биздин класс дайыма биринчиликти берчү эмес.

Мектепти бүтүп, Бишкекке жогорку окуу жайга тапшыргандан кийин бул жактан эжем менен жездемдин колунда болдум. Жездем абдан курч. Айтканын аткарган адам,  бир сүйлөгөн адам. Алардын мага көрсөткөн түз багытын, кеп-кеңеш бергендигин дагы айтып коюшум керек.

Студент мезгилимде абдан жакшы окудум. Сабакты таптакыр калтырчу эмесмин. Эсиңиздерде болсо, 90-жылдары көптөгөн студенттер сабакка барышпай өз иштери менен алек богон мезгилдер көп болчу. Ошондой эле окууларын таштап кеткен учурлар болду. Мен болсо, кыздардын арасында жалгыз олтуруп калбайын деп, эртең менен эрте туруп, Восток-5тен Душанбе көчөсүндө жашаган бир досумдун үйүнө барып, аны ойготуп алып сабакка ээрчитип барган күндөрүм болду. 

Кийин бизнес чөйрөсүнө аралашып баштаганымда, алгач өз айылымдагы жаштар үчүн спорт зал салып бердим. Ошондой эле  айылымдагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдон келген жардамымды бере баштадым.

2004-жылдары районубузда айтылуу Байзак баатырдын эстелигин курабыз дешип айылдын уул-кыздары чогулушат. Жаңы бизнес баштап бутума туруп келе жаткан жаш жигит элем. Айылга анча-мынча жардам берип калган учурум эле. Ошондуктан мени дагы конок катары чакырышыптыр. Ал жерде Байзак баатырдын эстелигин эки-үчөө биригип куралы деген сунуш түшүп калды. Ошондо мен жеке өзүм эле эстеликти тургузайын деген сунушумду киргиздим.

Айткан сөзүмө туруп, кийин эстеликти курууну аягына чейин чыгардым. Учурда жергиликтүү эл менен бирге Жумгал өрөөнүнө барган коноктор дагы күмбөзгө барып зыярат кылып турушат.

Жазып алган, Султан Сейит

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу