ЖКга эки депутат келет. Алар кимдер?

“Республика-Ата Журт” фракциясынын мурдагы лидери  Өмүрбек Бабанов  жана  маркум депутат Жыргалбек  Калмаматовдун ордуна келчү депутаттарга ушул жумада мандат тапшырылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, массалык маалымат каражаттарына  БШКдан  билдиришти.

Маалым болгондой, учурда аларга күбөлүктөр даярдалып жатат.

Эске салсак, 19-январда БШК Өмүрбек Бабановду депутаттык мандатынан ажыраткан. 30-декабрда Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан биротоло кете турганын жарыялаган. БШК анын ордуна Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясына депутат болуп Абдыбек Дүйшалиев келиши мүмкүн экенин билдирген.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы маркум Жыргалбек Калмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон. Жогорку Кеңештин  “Кыргызстан” фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов ушул жылдын 1-январында каза болгон.  Ал эми Кыргызстан” партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп   Насыр Мусаев келээри айтылган.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу