«Жеңиш Разаковго карата тиешелүү чаралар көрүлөт»

Вице-премьер министр Жеңиш Разаков кызматынан бошотулушу мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Депутат Таабалды Тиллав өкмөт башчыдан өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаровдун эмнеге кызматтан бошотулгандыгын сурады. Өкмөт башчы: «Курбанбай Искандаров мамлекеттик кызматтык этиканы бузганы үчүн жумуштан кетти. Ал ар кайсы кептерди айтып жүргөн. Жеңиш Разаков азыр айыптоолор далилденбей, иштеп жатат. Эгер Разаковдун күнөөсү тастыкталса, анда бул кишиге да чара көрүлөт” — деп жооп берди.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу