Жеңишбек Жумакадыр: «Тойдун сценарийин баштан-аяк өзүм жаздым…»

Ак таңдай акындардын алпы, сөз багып, кыргыздын каадасын, наркын даңазалып жүргөн инсан, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жеңишбек Жумакадыр тун кызы Кереметти турмуш жолуна узатып, күйөө балалуу болду.

Сезилип дүйнө башкача,
Сезимдер толкуйт таптаза.
Сүйүнтсүн эки баламды,
Сиздердин берген ак бата.
Күмөнү жок сүйүнүп,
Күйөө балам ийилип.
Кан кудаң турса жылмайып,
Кандай сонун, тирүүлүк!
Эки кудагый жанашып,
Элечек башта жарашып.
Кубаныч менен кеч кирди,
Кубаныч менен таң атып.

-Саламатсызбы, Жеңишбек мырза?  Кудаңыз кут болсун! Кызыңызды турмуш жолуна узатып, ичиңиз ачышып жатабы?
-Рахмат. Албетте, ичим ачышып жатат. Ымыркай кезинен алпештеп, колума көтөрүп баккан кызым минтип бой жетип, турмуш жолуна аттанып отурат. Жашоонун жолу, тартиби ушул экен да, кыздарыбыз башканын бүлөсү болуп, уулдарыбыз келинчек алып үй-бүлө деген деңизде бир кайыкта сүзүшөт тура.

-Керемет тун кызыңызбы? Канча жашта?
-Үч кыз, эки уулум бар. Керемет беш баламдын улуусу, 21 жашта. Андан кийинки кыздарым Акбермет 18, Актилек 16 жашта болсо, уулдарым Мухаммед 11, Нурбелек 4 жашта.

-Кызыңыз турмушка чыгам дегенде сиздин оюңуз кандай болду? Каршы болгон жоксузбу?
-Жок, каршы болгон жокмун. Анткени Аргенди мурун сыртынан таанычумун. Египеттен, Түркиядан жогорку билим алып келген тартиптүү, билимдүү жаштардан. Азыр мугалимдик кесипти аркалап, жогорку окуу жайлардын биринде студенттерге сабак берет. Ошон үчүн мага Аргендей жакшы күйөө бала буюрганына сүйүнүп, эки балама жакшы тилектеримди айтып, ак батамды берип, турмуштук даңгыр жолго узаттым.

-Кызы узап кетип баратканда адатта эне эмес, ата ыйлачу эле. Сиздин да көзүңүзгө жаш келдиби?
-Ооба. Өзгөчө тойдун аягында кудалар кызымды алып чыгып кетишкенде өзүмдү кармасам дагы болбой көзүмө жаш алдым.

-Кызыңыз кайсы кесиптин ээси?

-Керемет Ататүрк Ала-Тоо университетинде окуйт. Буюрса, быйыл окуусун аяктоо алдында турат.Кесиби англис тилинен синхрондуу котормочу. Төрт тилде эркин сүйлөйт.

-Күйөө балаңыз кайсы жердин кулуну?
-Арген Таластын Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында туулуп-өскөн. Кудалар кечээ жакында эле үйлөнүү тойду Таласта өткөрүп, андан соң эшик-төр көрсөтүү салтын кылып бизди чакырып, абдан сонун сый көрсөтүштү. Ал үчүн кудаларга ыраазычылык билдиребиз.

-Кудаларыңыз кандай адамдар экен? Сиздей таанымал адамдар менен кан куда болгонуна алар да кубанып жатышкандыр?..
-Кудаларым сонун адамдар, мен эңсегендей! Албетте, алар дагы кубанып турушат учурда. “Кереметтей ыймандуу келин алганыбызга абдан сүйүндүк, эки бала элге кызмат кылган балдардан болушсун, бактылуулук каалайбыз” деп батасын берип жатышат.

-Кыз узатуу тойдо куда-кудагыйлардын кийимдери улуттук стилде, окшош болуп, досторуңуздун баары тебетей кийип чыгышты. Той дагы улуттук маанайда өттү. Мындай идея кимге таандык?

-Эми өзүм акындык өнөрдү аркалап, улуттук наркты даңазалып жүргөн адам катары той ушундай деңгээлде өтүшүн башынан эле каалап, сценарийди баштан-аяк өзүм жазып чыктым. Ал эми тойдун уюштуруучулук жагын өкүл балам Аалы Туткучев колго алып, жалпы эле өкүл балдарым, өкүл кыздарым жакшы кызмат кылышты. Ушундай улуттук дем, түс берген той болушун каалаган элем. Кыялым жүз пайыз орундалды.

-Тойдо дагы кандай өзгөчөлүктөр болду?
-Тойдун ээси катары бул жолу өзүм ырдаган жокмун. Ал эми кызыктар көп эле болду. Каалоо-тилек айтканы чыгышкан досторум “Жеңишбек менен биринчи мен дос болгом, мен биринчи сүйлөйм” деп тамаша иретинде мени талаша кетишип конокторду бир күлдүрүштү. Анан Аалы төгүп ырдап жатканда Кереметке кайрылуу жасап:
“Кээде үйдө идиш-аяк кагышат,
Аны сен кайдан танасың.
Ошондо такыр урушпа,
Манастын көк жал тукумун капа кылып аласың.
Андайда “только” мактай бер,
Таластыктарды бир гана мактай эле берсең жагасың.
Мына ошентип үйүңдө арбын бакыт табасың,
Ысык-ысык чай сунсаң, кайнене көөнүн аласың. Анан алты айдан кийин, буюрса, “тыр-пыр” деп сүйлөп каласың…” деп тамашалай насаатын айтып өттү.

-Сеп берүү, калың алуу сыяктуу кыргыздын салттарын кармандыңыздарбы?

-Ооба, сеп дагы, калың дагы болду. Биз, албетте, кудалар менен соодалашкан жокпуз. Бирок салттан чыкпай, ырымдап кудалык шартыбызды аткардык.

-Абдан олуттуу, катуу атадай көрүнөсүз. Балдарыңызга кандай атасыз? Өзгөчө кыз балага тарбия жаатында талапты катуу койсоңуз керек?

-Албетте, ата катары, үйдүн башчысы катары тартипти катуу эле кармайм. Катуу кармайт десе эле күлбөй, эч жакка чыкпай, үйдө жымжырттык орноп турат деп түшүнбөш керек. Мен деле балдарым менен тамашалашам, ойнойм, күлөм дегендей. Туура эмес иш кылып жатышса урушпайм. Нааразы болуп жатканымды балдарым менин бир көз карашымдан эле түшүнүшөт. Ооба, ата-эне катары балдарга акыл-насаат айтып, түз жүрүүгө тарбиялайбыз. Бирок алардын тарбиясы түздөн-түз ата-энесинин жүрүм-турумунан көз каранды. Ошондуктан биринчи кезекте ата-эне өзү балдарына үлгү болгудай жүрүш керек. Кудайга шүгүр, кыздарыма татыктуу тарбияны берип келе жатам. Буга жубайымдын дагы салымы чоң. Кереметимдин акылы тунук, ыйманы бийик. Беш убак намазын үзбөй окуп келе жатат. Ошондуктан кызым менен ар убак сыймыктана да, мактана да алам.

-Өзүңүз турмуш жолун качан баштагансыз? Жаштарга үлгү болчу үй-бүлө кура алдым деп ойлойсузбу?
-Мен эрте үйлөнгөндөрдүн катарына кирем. 17 жашымда Ошко чыгармачыл топ менен гастролдоп барганда жубайым менен таанышып калып, аз эле убакыт сүйлөшүп үйлөнүп алганбыз. Билбейм, эмнеге экенин. Турмушту эрте баштагым келген окшойт, сыягы. Жаш үй-бүлөлөрдүн башына келчү кыйынчылыктан биз деле өттүк, сыноолор көп эле болду. Ошолордун баарына туруштук берип келдим. Жаш болсом дагы жоопкерчиликти сезип, үй-бүлөлүк тизгинди бекем кармап, улуулардан уккан насааттарды, акыл-кеңештерди жашоомо пайдаланып, мына, ушул убакка чейин үлгүлүү үй-бүлө болуп келе жатабыз.

-Өтө эле жаш үйлөнгөн экенсиздер. Жаштык кылып үй-бүлөнү бузуп алуу коркунучу жаралган учурлар болдубу?
-Жок. Анткени колуктум экөөбүз тең сабырдуубуз. Андайга жол берген жокпуз.

-А чыгармачылыкта кандай жаңылыктарыңыз бар?

-Той камы менен чуркап жүрүп чыгармачылык бир аз токтоп калды, чынын айтсам. Бирок элге тартуулоочу жаңы чыгармаларым көп эле. Буюрса, жакында жарык көрөт. Шеринелеш досторум менен түзгөн «Баягылар» деген тобубуз бар эмеспи. Негизи, жөн эле түзүлгөн бул топ. Анан той-топурларда ырдаган чыгармаларыбыз элге бат сиңип кеткендиктен, быйыл аталган топтун атынан чоң концерт беребиз деп пландап жатабыз.

-Акындык өнөргө кандайча келип калгансыз? Же бул сизге ата-бабаңыздан өткөн мураспы?
-Негизи, атам Жумакадыр жамактап ыр айткан, куудул киши болчу. Мен 7 жашка чыкканда жол кырсыгынан улам каза болуп калган. Чоң атам дагы ыр жазып калчу. Мен аны элес-булас эле билип калдым. Мен, негизи, кесибим боюнча актёр, сатирикмин. Бирок акындык өнөргө кызыгып, жаш чагымдан аралашып калгандыктанбы, бул дүйнө мени өзүнө тартып алды десем болот. «Акын болом» дегендин баары эле акын боло бербейт» деген сыяктуу сөздөрдү башында устаттарымдан көп эле укчумун. Бирок мындай сөздөрдөн артка чегингеним жок. Азыр ойлосом, алардын айтканы мени такшалтыптыр акындыкка…

БУЛАК: Леди. кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу