Диетанын көп түрдүүлүгү ашыкча салмактан арылууга бат эле жардам берет. Индия диетасын сиздерге сунуш кылабыз
1-күн
Биринчи күнү бир күн бою бир гана мөмө-жемиш жейсиз. Сиз алардын каалаган түрүн колдонсоңуз болот. Жүзүм, банан жана мангодон сырткары, анткени алардын курамында глютен көп.
2-күн
Экинчи күнү бир гана жашылча-жемиштерди колдоносуз. Аларды деле каалагандай даярдап жесеңиз болот. Мисалга, эртең менен сууга бышырылган картошканы жесеңиз болот. Мындай ыкма менен сиз организмиңизге жетиштүү энергия жана углевод алган болосуз.
3-күн
Мөмө-жемиш менен жашылча-жемиштердин аралашмасын колдонсоңуз болот
4-күн
Банан диетасына отурасыз. Бул күнү эртели-кеч банан жегенге болот, а бирок кечки алтыга чейин. Банан абдан калориялуу келип, курамы калий жана натрийге бай
5-күн
“Быштак жана жашылча-жемиш күнү” деп жарыялаңыз. Бул күнү капуста, быштак жана помидорду колдонсо болот. Дал ушул күнү суунун өлчөмүн көбөйткөн дагы пайдалуу
6-күн
Бул күндү дагы “Быштак жана мөмө-жемиш күнү” деп жарыялап, бир гана помидорду колдонуудан баш тартуу керек.
7-күн
“Күрүч жана жашылча-жемиш күнү” деп жарыялайсыз. Бул күнү бир чыны күрүч жана мөмө-жемиш кошулуп бышырылган пирогдорду колдонгон болот
Бул диетанын эң негизги эрежеси: Алты күн ичинде соктордон, кофе жана чай ичүүдөн алыс болуңуз. Анын ордуна колдон келсе, суунун өлчөмүн көбөйтүү керек.
БУЛАК: zaman.kg