Жети азыкты колдонуп арыктаңыз!

Биздин метаболизмибиз (зат алмашуу) кандай жумуш аткарат? Анын мыкты иштөөсү үчүн эмнелер менен камсыз кылуу керек?

Көптөгөн айымдар жайкы учурда, эс алууга барганга чейин ашыкча салмактан арылууга аракет кылышат. Арыктоо үчүн бир гана спорт жардам бербейт. Ал үчүн организмдеги зат алмашууну дагы жакшыртуу кажет.

Зат алмашуу-организмди клеткалар менен камсыз кылып турган эң негизги процесс. Адам энергия алуу үчүн витаминдүү азыктар менен тамактанып турушу абзел. Ал үчүн кандай азыктар керек?

Жашылча-жемиштер

Анын ичинде апельсин, грейпфрут, кара карагат жана чычырканак. Дал ушул жемиштердин курамы витаминдерге жана микроэлементтерге бай.

Чийки жашылчалар

Капуста, сабиз жана кызылча. Бул жашылчалар ичегинин мыкты иштөөсүн камсыз кылат.

Специялар

Кызыл ачуу калемпир, сарымсак, имбирь. Бул азыктар дагы ичегинин жакшы иштөөсүнө өбөлгө болот.

Суу

Таза суу дагы ичегинин жакшы иштөөсүн камсыздайт. Эң негизгиси суу бөйрөктөгү зыяндуу токсин жана шлактарды бөлүп чыгарып турат.

Эт

Организмдеги зат алмашууну мыкты иштөөсүн камсыз кылгандардын катарында эт дагы бар. Анткени, анын курамы белок жана аминокислоталарга бай.

Балык жана деңиз азыктары

Алардын курамы йодго бай. Ал эми йод калкан бездин мыкты иштөөсүнө жардам берет.

Кофе жана көк чай

Кофе жана көк чай ичүү менен сиз организмге керектүү энергия жана кычкылтекти жеткирип турган болосуз. Муну менен бирге бул суусундуктар артериялык басымды андай деле көп көтөрбөйт. Себеби,алардын курамы витамин С, аминокислота жана микроэлементтерге бай.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу