Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды бир катар облустук сотторуна жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан КР Жогорку сотуна, Чүй облустук сотуна жана Ош шаардык сотуна 1ден талапкерди, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустук сотуна 2ден жана Нарын облустук сотуна 6 талапкерди — жалпысынан 13 талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизилген.

2019-жылдын 6-майында Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Президент Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна 6 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы 7 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Мамлекет башчысы жергиликтүү соттордун 6 талапкери боюнча Жарлыктарга кол койду.

Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 6 талапкер дайындалды.

Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

— Жалал-Абад облустук сотуна  — Чоноев Адилет Адамжанович;

— Чүй облустук сотуна — Мурзалиева Жыргал Нуржановна;

— Нарын облустук сотуна — Бакиров Кайридин, Малдыбаев Нурлан Малдыбаевич, Мелсов Женишбек Мелсович, Мукамбетов Улукбек Кубанычбекович жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу