Жели пыш эткен өкмөт башчы

Коомчулукта акыркы айларда «бороондуу» жылыштар ачык байкалды. Кудалардын, бажалардын, өкүл балдардын, аяш аталардын жүзүн «боеп» таштоого оңой эле болуп калды. Антсе да «жүндүү билектердин» көмөгү менен майлуу устукан алгысы келгендердин талпагын ташка жаюу «операциялары» кээде ийгиликтүү жыйынтыкталып жатканы албетте, кубанычтуу. Мында маселе жок дечи…

Андай ийгиликке жетишкенибиз менен өтө айбаттуу, кубаттуу көпөстөргө мамлекеттик күчтөр алсыз экени алаканга салгандай көрүнүп калды. Маселен, бүткүл өлкөнү бийлегиси келген Раим Матраимовго «акыйкат» Жогорку Сот жашыл жарыкты жандырып, айгырыңды минип алып, каалагандай чапкылай бер деп даңгыр жолго салып койду. Бирок, муну коомчулук туура нукта кабыл алдыбы, же жокпу кеп ошондо. Антсе да акча жыттанган байлар сүйкүмдүү экенине дагы бир ирет ишендик. Баягыл эле соттордун алешемдигинен, ач көздүгүнөн, жогору жактын «ышкырыгы» экендигинен эл жеңилип жатканы ачыкталды. Бей күнөө жаткандарга соттун эч убакта кызыкчылыгы болбойт, туурабы? Ошолордун бири-«Жаңы Мезгил» партиясынын лидери Рита Сулайманова болгонун айта кетүүгө болот. Болбогон эле жасалма иш үчүн жаткан бечаралар толтура. Муну кезинде ажобуз деле эскерткен. Тилекке каршы жыйынтык болбой жатат.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин дагы бир ирет жели пыш дей түштү. Анткени анын көздөй бажасы Иманкадыр Рысалиев акырында кызматынан чегинди. 157 миң сом айлык алып жүргөн уулу да «май токочунан» айрылды. Эмне үчүн жалаң берекелүү тармактарга өз адамдар жутунарын чечмелеп отуруунун кажети жок. Себеби, кекиртеги кернейдей болуп калган эпчилдер ошондой жерлерди акмалап жүрүп акыры ээлеп алат экен. Жакшылап казышса дагы кыйла кызыктуу «жармачтар» чыгаары калетсиз. Көрсө казынаны кыйгап өткөргөн амалдарды аракетке келтиргендер былгып кетиптир да. Ошол миллиондор бажаларга, куда-сөөктөргө, кошоматчыларга, улам бирди сүйлөгөн ушакчыларга кетип жатканы албетте, өкүндүрбөй койбойт. Негизи акылы тунук адамдардын пикирлери туура. Өкмөттү шалтурук кылууга «жол салып» койгон М. Абылгазиев тырмыша бербей өзү кызматтан кетүүсү бышып калгандай. Эми ошондой эрдикке бара алабы десең…

Булак: «Ачык сөз»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу