Желин чыгарганы калыштыбы?..

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда парламент депутаты, “Кыргызстан
фракциясынын мүчөсү Канатбек Исаевдин соту кайрадан башталды. Бабановду ээчип
желек көтөрүп желпилдеп жүргөн неменин желин чыгаралы дешкенби, тынчтана түшкөн
сот процесси жанданып, күбөлөр суралып жатат. Эске сала кетсек, быйыл май айында
УКМК Канат Исаевге 2008-2010-жылдары Чүй облусунун Токмок шарынын мэри болуп
турган кезде мыйзам бузууларга барган деген негизде, Кылмыш кодексинин 303-
беренеси (коррупция) боюнча эки айып таккан. Ал Токмок шаарынын мэри болуп иштеп
турган учурда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана
мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен
каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген деп
айыпталууда.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу