Жаңы Элчинин кадамдары

Кыргызстандын Орусиядагы жаңыдан дайындалган Элчи Аликбек Жекшенкулов ишке киришкендигине аз гана убакыт болду. Аз убакытта ал өзүн профессионал дипломат катары ишке активдүү киришти. Москва шаарындагы Элчиликтин айланасында мекендештерибиздин нааразычылыктарын акырындан жөнгө салууда. Консулдук бөлүмүнө келген жарандарыбыз   маалымат такталарына  кыргызча жазылган түшүндүрмөлөр аркылуу көп нерселерди биле алышат. Элчи ошондой эле  Москвада жан облустагы коомдук уюмдардын жетекчилери менен жолугушту. Ошол учурда далай чечилбеген маселелер ачык айтылды. Жекшенкулов  аларды чечүүнү өзүнүн иш планына киргизе тургандыгын ишенимдүү айтты.  Жакынкы күндөрү эле бул боюнча  элчиликтин кызматкерлери конкреттүү иш-чараларды жүзөгө ашыра байштайт.  Элчи Кыргызстанда өткөн Оруисянын тышкы иштер министри Лавров менен  эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн уюштурулушуна, андан соң президент Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин  Сочи шаарында жолугушуусуна активдүү салымын кошту. Орусия менен Кыргызстандын ортосунда ар тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө КРнын жаңы элчисинин иш аракеттери түрткү болоруна чоң ишеним пайда болду.

Булак:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу