Жаңы кодекс менен канча киши жазадан бошоду? Соттордун иши кайнап жатат…

2019-жылдын башынан тарта Кыргызстанда бир нече — Жаза, Жаза аткаруу, Жаза процессуалдык, Эреже бузуулар жана Жоруктар кодекси ишке кирди. «Пробация жөнүндө», «Мунапыстын негиздери жана аны колдонуу жөнүндө» мыйзамдар да колдонула баштады.

Жаңы мыйзамдарда соттук иштерди гумандаштыруу принциби кирди деп айтылып келет. Маселен, бир катар кылмыштар жоруктар деген түргө өттү.

Абактагы адам. Архив

Жазык боюнча жаңы кодекске ылайык, кылмышка жеңилирээк жаза каралса, ага норманын негизинде өкүм чыгып, соттолуп жаткан кишиге чыккан чечим кайра каралышы мүмкүн.

Реформа фемида өкүлдөрүнүн ишине кандай таасир эткендигин Sputnik Кыргызстан агенттигине Жогорку соттон айтып беришти.

Жаңы кодекстер ишке киргенден тарта Кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча Жогорку соттун 11 судьядан турган коллегиясынын иши көбөйдү. Эки ай ичинде Жаза аткаруу кызматынын сунушу менен эркинен ажыратууларга карата канцелярияда 709 ар кыл иштер катталган.

Маселен, бир эле күндө — 28-февралда Жогорку соттун канцеляриясында 69 иш каттоого алынган. Ошол эле күнү соттук коллегия 53 ишти караган, бул адаттагыга караганда жумуштун көлөмү эки эсе көбөйдү деген түшүнүк.

Январь-февралда аталган коллегия жаңы жагдайлар боюнча 84 кылмыш ишин караган.

Абак кызматкери. Архив

Эки ай ичинде Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан Жазык кодекси боюнча кыргызстандык судьяларга 8529 материал жөнөтүлгөн. 256 адамдын иши кайра каралса, анын 29у бошотулган, 81инин мөөнөтү кыскарса, калганы өзгөрүүсүз калган.

Жаңы мыйзамдарды Жогорку Кеңеш бир жылдан бир аз убакыт мурда кабыл алган. Реформага мыйзамдар күчүнө кире электе Жогорку сот семинарларды өткөрүп, тергөөчү сотторду окутуп даярдык көрүлгөн (булар эски кодекстерде болгон эмес).

Бул мезгил ичинде 270 судья окуудан өткөн.

БУЛАК:sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу