Жаңы кодекстер күчүнө кирди

Бүгүн, 1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс күчүнө кирди. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар күчүнө кирет. Ошондой эле Тергөө судьяларынын институту да ишин баштады.

Бул кодекстер менен мыйзамдар 2017-жылы кабыл алынган. Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров жаңы кодекстердеги гумандаштыруу саясатынын негизинде 470 адамдын кылмыш иши кайра каралып, алар жабык абактардан чыгып, бошотуларын айткан.

Президент Сооронбай Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин акыркы жыйынында бул кодекстердин ишке кириши менен соттордун жана тергөөчүлөрдүн иши көбөйөрүн белгилеген.

Жээнбеков жаңы жылдык куттуктоосунда да бул жылы соттук-укуктук реформалар ишке аша баштай тургандыгын, Кыргызстан чыныгы укуктук мейкиндикте жашоого багыт аларын белгиледи.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу