Жаңы жыл түнүндө Жерде магнит боорону болот

Магнит талаасыдагы толкундоолор өнөкөт оорулар, жумуштагы татаал жабдуулардын навигациялык мүмкүндүктөрүнө жана жылуу жактарга учуп кеткен канаттууларга терс таасир этиши мүмкүн.

4-декабрда башталган «пландалган» магниттик боорон тынчтанды, бирок дагы бир жолу жаңы-жыл түнү кайталанышы мүмкүн. Бул тууралуу Космостук метеорология борборунун Жер магнетизм институтунун башчысы, Россия Илимдер академиясынын ионосфера жана радио толкунунун таралуусун изилдеген академик Сергей Гайдаш билдирет.

“Жаңы жыл түнүндө магнитик боорон кайталанат. Бул дагы буга чейин кайталанган боорон сыяктуу бир аз гана болот», — деди ал “ТАСС”ка маалымат берип жатып.

Окумуштуунун пикири боюнча, мындай табигый кубулуштар ар бир 27 күндө кайталанат.

Ал эми 31-декабрдан 1-январга караган түнү Күн өз огун бир айланат жана азыркы бооронду пайда кылган короналдуу тешик аркылуу Жерге беттин бурат.

Эксперт магнит талаасынын толкундоолор өнөкөт оорулары менен жапа чеккен адамдарга гана коркунучтуу экендигин белгиледи. Ошондой эле татаал жабдуулардын ишине да таасирин тийгизиши жана жер которуп жүргөн канаттуулардын багытын буруп жибериши мүмкүн экендигин кошумчалады.

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу