Жаңы алган келиним баламдын акчасын уурдайт. Айласы кеткен кайын эненин баяны…

Нурила: Келиниме сүйлөгүм келбей калды 

Жакында уулум үйлөндү. Элден кем кылбай, чоң той бердик. Балам менен сыймыктанабыз: жакшы жумушта иштейт, аракетчил, оор басырыктуу. Келиним биз менен турат. Ал иштебейт, үйдө. Бирөөнүн кызы деп, кыйнабайм,  кайын энелик каарымды салбайм.

Бир ай мурун, балам, “апа, капчыгыма эч ким тийбедиби, 3000 сомдой акчам жок”, — деп калды. Той жаңы эле бүтүп,  үйдөн конок үзүлө элек болчу. Бирөө алганго деп кол шилтеп койдук. Балам да майдачыл эмес, бир сураган бойдон, көңүлүнө алган жок.

Бул нерсе эки-үч ирет кайталанды. Жумушуна кетип баратып 500 же 1000 сомун таппай калат. “Ким болду экен?” деген ой тынчымды алды. Үйдө мен, күйөөм, студент кызым, келиним менен баламдан башка эч ким жашабайт. Деги мындай нерсе жок эле! Чындыктын баары көп өтпөй билинди.

Күйөөм жумушунан чарчап келип уктап жаткан. Келинимди чакырсам укпайт. Ойготуп албайын деп, акырын басып, келинимди издеп бөлмөсүнө кирдим. Эшигин ачып эми чакырайын деп карасам, баламдын капчыгынан 2000 сом алып, сумкасына салып койду. Көрмөксөн болуп чыгып кеттим. Балама үн катпадым, ал чайын ичип, жумушуна жөнөп кетти.

Келинимдин бул адатына таң калдым. Жакшы турабыз, эч нерседен кем эмеспиз. Жаңы эле баш кошкондо, ызы-чуу кылбайын деп, баламдын көңүлүн ойлоп, тил катпай жүрөм.

Келинимди өз кызымдай жакшы көрчүм, эми сүйлөшкүм да келбей калды. Эмне кылсам болот? Келиним ошондо кылмыш кылдыбы?

Адистер эмне дейт

Тамара Воронцова, психолог

Кызык, сиз эшикти ачыпсыз, капчыктан канча алганын көрүпсүз, а келиниңиз эч нерсе сезбептир. Менин оюмча, иш жүзүндө андай болгон эмес, бул сиздин божомолдоруңуз. Жаштарды өз алдынча калтырып коюу керек: келиниңизге да, балаңызга да эч нерсе деп айтуунун кереги жок, өздөрү чечип алат.

Эгер алар өз алдынча жашаса кандай болмок? Бирге жашап, келиниңиздин иштебей үйдө олтурганын баса белгилөөнүн эмне зарылчылыгы бар.

Чынында, кайын эне эч качан келинин өз кызындай сүйбөйт, андыктан ага келин катары мамиле жасоо керек – сыйлоо, жакшы сүйлөө, эң негизгиси – аралыктан.

Өз алдынча бөлүп коюңуз, уулуңуз да жакшы компанияда иштейт экен, айрыкча кызыңыз да бар экен. Ата-эненин жаш жубайлар менен бирге жашаган салты 21-кылымда жоюлган. Мисалы, 80 жашка чыкканда чогуу турсаңар болот.

Жагдайдын кийинки аспектине токтосом. Кыз күйөөсүнө айтпай акырын акча алса, анда ал үчүн жүйөөлүү себеп бар. Балким күйөөсү акча бербейт, же иштебеген соң, эч жакка барбагандан кийин эмне кереги бар деп, өтө эле аз берет. Балким, ал да ар бир аялга окшоп, жанында бир аз акча болсо, өзүн ишенимдүү сезет. Сизде деле, эч ким билбеген белгилүү бир акчанын суммасы бар да. Балким, ал ата-энесине, бир туугандарына кандайдыр бир жардам бергиси келет. Анткени баары анын жакшы жерге турмушка чыкканын билет.

Бул суроолорду жаштар өздөрү чечиши зарыл, балаңыз жаңыдан күйөө болгонго үйрөнүп жатат, аялына көңүл буруп, камкор болушу керек.

Эч качан аралашпаңыз – кийин күнөөлүү болуп каласыз жана мамилени оңдоо мүмкүн болбой калат. Эгерде келин, уулуңузду өз алдынча бөлүү мүмкүн эмес болсо, алардын бөлмөсүнө барбаңыз, келиниңизди издебеңиз, тарбиялабаңыз, окутпаңыз. Керек болгондо, өзү сизге кайрылып сурап алат. Бул накыл сөз эсиңиздеби: мен сенин жаштыгыңды аяйм, сенин менин карылыгымды ая.

Акылдуу жана жакшы адам болуңуз. Эң башкысы – канчалык узак болсо, ошончолук жакын.

Бардык кайын энелер үчүн кеңеш – оозду жабуу жана капчыкты ачуу.

Нурислам Раимжанов, юрист

Саламатсызбы! Аялы күйөөсүнүн акчасын жашыруун алышы кылмышка киреби же жокпу талаш маселе. Ошентсе да, келиниңиздин кылганы туура эмес, жоопкерчиликке тартууга болот.

Балким, бул убактылуу көрүнүш. Келиниңиз эмне себептен мындай жолго барып жатат, алдын ала билүүнү сунуштайт элем. Баш кошкондоруна аз болуптур, чыр-чатак чыгып, эки жаштын жашоосу бузулуп кетсе туура эмес. Андыктан билексенге салып койгонуңузду колдойм. Сизге кеңешим, алгач уулуңуз менен келиниңизди чогултуп, балаңызга, “келиниме жакшы кара, эч нерсеге муктаж кылба”, келиниңизге, “балама жакшы кара, көңүлүн оорутчу иштерди жасаба” деп энелик наасатыңызды айтыңыз.

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу