Жаш балдардагы какач канчалык кооптуу?

Жаңы төрөлгөн балдардын башынан, көзүнүн алдыларынан сары өңдөгү какачтарды кезиктирүүгө болот.

Какач деген эмне?

Какачтын ушул убактыка чейин атайын бир себептери белгиленген эмес. Анын аллергиялык белгиси жок. Адистер жаш балдардагы какачты: Аял кош бойлуу кездегиси менен түшүндүрөт. Башкача айтканда, аял кош бойлуу кезинде балага өткөн гормоналдык май бездери болуп саналат.

Какачтын белгилери

Чачтын терисинде кургап, катып калат

Териде кат-кат болгон сары өңдөгү май бөлүкчөлөр

Какач кантип дарыланат?

Какачты жаш балдардын бир гана чачынын түбүнөн эмес, анын көзүнүн алдынан дагы кездештирүүгө болот. Адистер аны өтө кооптуу деп деле эсептебейт. Ал болгону сиздин ымыркайыңызды кычыштырып, бир аз жагымсыз кылышы мүмкүн. Ошондой эле, какач жугуштуу болуп саналбайт.

Баланын какачын кетирүү үчүн атайын дарылануунун деле кажети жок. Болгону аны тазалоодо оливка майын колдонуу жетиштүү. Ал үчүн балаңызды бат-баттан жуундуруп, түнкүсун чачына балдарга арналган же оливка майын сүртүп, жумшаганда тарак менен акырын кетириш керек. Аны сиз майдын жардамы жок кетире албайсыз. Анткени, какач кат-кат болуп бири-бирине жабышып калат.

Эгерде балаңыз, ага дагы карабай абдан тырманып жатса, анда атайын адистерге кайрылуу керектигин адистер эскертет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу