Жашыруун кумаркана…

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан баштап кумар оюндарына тыюу салынган жана казинолор жабылган. Азыркы тапта кээси менен кээ бир жерде жашыруун казинолор табылып жатканын угуп калабыз. Жогорку Кеңештин  депутаты Алтынбек сулаймановдун айтымына караганда ошондой жашыруун казинолордун баарын күч органдарынын адамдары калкалап турат экен. Жакында эле Ош шаарындагы бир мейманкананын капталында жашыруун казино иштеп жатат деген кабарды угуп «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков менен «Нур»телеканалынын кабарчысы Даткабек ШАбданбек уулу экөө барса, ал жердин кароочулары ыдык көрсөтүшкөн. Журналисттерге жашыруун казино бар деп кабар берген адамдыын баласы ошол жерден 350миң сомун уттуруп жиберген экен…

БУЛАК: Багыт

Аргумент.kg
Жооп калтыруу