Жаштардын эрте жүрөк өлүмүнө кабылуусунун себеби эмнеде?

Көпчүлүк адамдар жашы улгайганда жүрөк оорусуна кабылат эмеспи. Учурда жүрөк оорусу жаштарда көп катталып жаткандыгы өкүндүрөт. Жүрөк оорусу, ага кабылуунун себептери боюнча сөз кылабыз. Статистика боюнча, жаштардын үчтөн эки бөлүгү жүрөк оорусна кабылып каза болот. Башкача айтканда, алардын көпчүлүгү жүрөк оорусунун айынан бул дүйнөдөн кош айтышат.

Тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, ашыкча салмак жана стресс жүрөк оорусуна кабылуунун эң негизги себептери. Кордиолог дарыгерлердин айтымында жүрөк оорусунун баштапкы белгилери катары, жүрөк бат-баттан согуп же тетирисинче согушу ылдамдап кала тургандыгын айтып өттү. Муну менен бирге тукум куучулук, тубаса жана гендик факторлор таасир этмекчи.

Тамеки эң негизги факторлордун бири

Жүрөк оорусуна кабылуунун бирден-бир негизги себеби тамеки чегүү. Организмде холестериндин жогору болушу жүрөк оорусун пайда кылат. Дагы бир себеп-миокардит. Миокардит-жүрөк булчуңдарына вирустун кирип калуусу.

Жүрөк ооруга чалдыккан учурда дем алуу кыйындайт, жүрөк бат-баттан согот жана сол көкүрөктун алды талып ооруйт. Анын алдын алуу үчүн адистер спорт менен машыгууну үндөйт.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу