Жашооңузду өзгөртүүчү кеңештер…

Отуруп тамактануу

Тез татым жана шоколаддарды басып жүрүп жеген адаттан арылыңыз. Анын ордуна отуруп жай баракат тамактанган жакшы.

Көк чай

Көк чайдын ден соолукка түрдүү пайдасын билет чыгарсыз. Мисалга, ал диабет, жүрөк оорулардын алдын алып жана организмдеги холестеринди азайтууга жардам берет.

Таттуулардан баш тартуу

Албетте таттуулардан дароо баш тартуу оңой эмес. Ал үчүн сиз таттуу газдалган суусундуктардын ордуна, кадимки сууларды ичүү менен баштасаңыз болот.

Жаңы хоббилерди үйрөнүүгө умтулуу

Бий, йога, чет тилин үйрөнүү, коньки тебүү менен баштаңыз. Анткени сиз канчалык жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулсаңыз, ошончолук сиздин эске тутуу жөндөмүңүздү жакшырат.

Китеп окуу

Телефонуңузду жана телевизоруңузду бир саамга токтотуп китеп окуудан баштаңыз. Китеп-бул билим булагы.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу