Жапаров: Өмүрбек Текебаевге барган эмесмин

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Таалайбек Жапаров “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым суроо маселеси боюнча өзү эмес, кызматкерлери барганын «Азаттыкка» билдирди:

— Ал жерге барып, ал киши менен (Өмүрбек Текебаев) сүйлөшүүнүн кажети деле жок. Мурдагы президент Роза Исаковна президент Сооронбай Шариповичке Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу боюнча кайрылган турбайбы. Бизде ошол материалдар каралып жаткан. Бирок мыйзамга ылайык абакта отурган адам өзү ырайым сураш керек экен. Андыктан ушул багытта иш алып барган биздин мекеменин кызматкерлери ал кишинин оюн угуш үчүн барышкан. Алар Текебаевге: “Мыйзамда ушундай экен, өзүңүз кайрыласызбы?” деп сурап келишкен. Ошондон улам мени «барды» деген сөз чыгарып жиберишти, — деди Жапаров.

Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова «Таалайбек Жапаров баш болгон ЖАМКтын өкүлдөрү Текебаевден ырайым кылуу боюнча президентке арыз жазууну талап кылып жатышат, бирок саясатчы андан баш тартты» деп билдирген.

Өткөн жылдын 25-декабрында экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. Ал “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген. Отунбаеванын бул кайрылуусун Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери да бир добуштан колдошкон.

5-январда президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү өтүнүч азыр президенттик аппаратта каралып жатканын билдирген. Анын алдында, басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Текебаев өзү арыз жазбаса, ырайым берилбей турганын айткан.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде коррупцияга айыпталып, сегиз жылга кесилишкен.

Кийин Маевский өзү Орусияда «бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган» деп айыпталып камалды. Жакында анын басма сөз катчысы Максим Букин да камалганы маалым болду.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу