Жапаров менен Нарымбаевдин ишин караган судья Жогорку сотко келет

Бүгүн, 19-сентябрда парламент Жогорку соттун судьясын шайлайт. 18-сентябрда Жогорку Кеңештин профилдик комитети Жогорку соттун судьясы кызмат ордуна президент сунуштаган Жаңыл Мамбеталынын талапкерлигин жактырган.

Жаңыл Мамбеталы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда экс-депутаттар Садыр Жапаровдун, Хажимурат Коркмазовдун, Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын жетекчиси болгон Данияр Нарымбаевдин, мурдагы баш прокурор, экс-депутат Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун иштерин караган. Мындан сырткары Свердлов райондук сотунун судьясы болуп турганда «Альфа Телеком» компаниясына байланыштуу ишти карап, өкүм чыгарган.

Жапаров боюнча депутаттардын суроосуна жооп берген судья ага эч ким буйрук бербегенин, материалдардын негизинде чечим чыгарылганын билдирди.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу