Жапаровдун жактоочулары Жогорку сотко кайрылышат

Экс-депутат Садыр Жапаровдун жактоочулары Бишкек шаардык соту чыгарган өкүмгө нааразы болушуп, Жогорку сотко кайрылмай болушту. Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов өкүм туура эмес чыкканын айтып, сотторго нааразы болду. Бул туурасында: “Эч кандай далил жок эле чечим чыгарышты. Ар бир фактыны изилдеп чыгышы керек болчу. Бул жерде чыныгы саясий буйрутма бар экени көрүнүп турат. Эми биз Жогорку сотко кайрылабыз”-деди. Белгилей кетсек, Бишкек шаардык сотунун соттор коллегиясы Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Биринчи май райондук соту экс-депутат Садыр Жапаровду 2-августга 11 жыл, 6 айга эркинен ажыраткан.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу