Жаны муун саясий кыймылынын кайрылуусу

Кымбаттуу кыргызстандыктар, жаштар!
Саналуу күндөрдөн кийин, кыргыз эли Кыргызстандын жаңы мамлекет башчысын шайлайбыз, анын менен кошо өлкөнүн коопсуздугун, мыйзамдуулугунун, туруктуулугун, багытын жана эл аралык аброюн тандайбыз.
Бирок, карап көргүлөчү шайлоонун алды шайтандын оюндарына айланып кеткенин!
Президенттик шайлоодо алдыга чыккан талапкерлер шайлоочулардын добуштарынын артынан кубалашып жатып, мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүшүн, программаларынын артыкчылыктарын түшүндүргөндүн ордуна, атаандаштарын жеңүү үчүн абдан ыплас ыкмаларды колдонууга өтүп кетишти. Мындай жат көрүнүштөр коомду эки-үчкө бөлүп, өлкөдө оор саясий кырдаалдын пайда болушуна себепкер болуп жатышат, андан тышкары каралоо компаниялары Кыргызстандын эл аралык байланыштарына зыян келтирүүдө, өзгөчө коңшу казак туугандар менен болгон мамилелерибиз оорлоп кетти.
Ачык коркутуулар, элди козутуулары жана компроматтык материалдарын таратуулары талапкерлерге эл арасында аброй алып келбейт, тескериче эл алардан алыстайт. Мындай көрүнүштөр, эл бузаарлардын чырагына май тамызып, алардын чыккынчылык кызыкчылыктарын кландык, регионалдык жана улуттар аралык арыздашуулар аркылуу максаттарын орундатууга жол ачат. Биздин башыбыздан мындай окуялар көп жолу өттү го, биз билебиз канчалык коопту экенин бул шайлоо “оюндары”.
Шайлоо компаниясынын жүрүшүндө, мыйзамсыз жазылган жана монтаждалган аудио материалдар атайын кызматтын жагымсыз көнүмүш адатына айланып калды. Атайын кызматтар ошол мыйзамсыз жазылган, андан кийин монтаждалган провокациялык материалдарды кимдер тарабынан буйрутма берилгенин, алардын аткаруучуларын аныктап, колго түшүрүп, калыстуу тергегендин ордуна, алар кылмыштуу кайдыгерчиликти жашырбай көрсөтүшүп, бир тараптуу болушуп, демократиялык мыйзамдуулукту тебелеп жатышат.
Биз, саясий кыймыл катары, талапкерлердин жана алардын колдоочуларынын ахвалын жакшы түшүнүп жатабыз. Бирок, шайлоодо катышып, бийликке умтулуп жаткан бардык тараптардын эсине салгыбыз келет – элдин алдындагы жоопкерчиликти сезе билиңиздер, эл бийликтин ээси, элдин ишеними абдан кымбат жана жогору, элди ойлогула!
Кыргызстандын элине кайрылабыз:
Кыдырлуу мекендештер!
Келиңиздер, ушул күндөрү тайманбастыкты жана принципиалдуулукту билдирели!
Анысы деле оор, таттуу эмес турмушта, айрым бирөөлөрдүн жеке амбицияларынын артынан жетелеме саясатчы сөрөйлөрдүн жана бийликти тынч өткөрүп берүүнү каалабагандардын айынан коомубуздагы тынчтыкты жана ынтымакты жоготуп албайлы.
Өзүбүздүн тандоого, акыйкат шайлоого, демократияга, өнүгүүгө, туруктуулукка, тынчтык менен балдарыбыздын жаркын келечегинин бакубат жашоосуна болгон укугубузду шайлоо күнү коргоп калалы!
Булак: “Жаңы Муун” саясий кыймылынын мүчөлөрү

Аргумент.kg
Жооп калтыруу