Жаныбек Абиров: «Мага атам, «акча, статус маанилүү болбош керек» деп дайыма айтат»

Өзү жаш болгону менен иштин көзүн билген, энергияга бай Жаныбек мырза, жоопкерчиликтүү жумушу, жеке жашоосу, балалыгы жана башкалар тууралуу бизге маек куруп берди.

— Жаныбек мырза,Шаардык кеңештин төрагасы болуп келгенден берки үч айда жашооңуз өзгөрдүбү?

— Албетте өзгөрдү, жоопкерчилик мурдагыдан да жогорулады. Күнүгө эртең менен саат 8:00дө иш ордумда болом, ошо менен кечки 9-10го чейин иштеп, үйдөгүлөрдү көрбөй калдым. Депутаттар мага ишеним артып, төрага катары шайланган соң, шаар жана анын тургундарынын көйгөйлөрүн ойлонгонго туура келет. Маселелер абдан көп, баары бир заматта чечилип кетпейт, бирок мен болушунча аракет кылып жатам.

— Айлыгыңызды социалдык жактан аз камсыз болгондорго берем дедиңиз эле, убадаңызга турдуңузбу?

— Мен айлыктан пиар үчүн эмес, кыял үчүн баш тарткам. Кичинемден эле саясатчы болгум келип, саясатчы акча албай, эл үчүн кызмат кылыш керек деген ойду дайыма ичимде багып, кыялданчумун. Ошол кыялым ишке ашып жатат. Кайрымдуулукка жумшап жатканымды аноним кылып айтпай келгем. Сиздер сурап жаткан соң айтайын : алгачкы айлыгымды ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын шаардык реабилитациялык борборуна котортком. Экинчи айлыгымды чогултуп, үчүнчүсү менен кошо шаардагы «Биринчи балдар хосписине», «Үмүт шамы» коомдук кайрымдуулук фондуна бердим. Кийинки айлыктарымды да муктаждарга бере бермекчимин. Мен берген убадама сөзсүз турам.

— Айлыгыңызды муктаждарга берсеңиз, өзүңүздүн кошумча булактарыңыз барбы?

— Мен дыйканмын. Болгондо да чоң дыйканмын. Бакчам, жерлерим бар. Буудай, арпа, жүгөрү айдайм. Үйүр жылкыларым бар, он жылдан бери топоз багам, учурда жүз баш бар. Мага жер, мал-жандыкка байланыштуу нерселердин баары жагат. Мага атам, «акча, статус маанилүү болбош керек» деп дайыма айтчу. Ошон үчүн мен андай нерселерден өйдө туруп, адамдарга жакшылык кылганды жакшы көрөм.

-Отузга жаңы чыктыңыз, кол алдындагы улуу ага-эжелерди башкаруу татаал эмес бекен?

— «Башкаруу» деген сөздөн алысмын, себеби кол алдымдагы ага-эжелер өз ишин мыкты билген адистер. Биз кеңешип, сый-урмат менен ынтымакта иштеп жатабыз. Шаар бир, анын тургундары да, көйгөйлөрү да бир, ошондуктан койгон ой-максаттарыбызга биргеликте гана жетебиз деп иштеп жатабыз. Экинчиден муниципалдык этика бар, ошого жараша мени Төрага катары да сыйлап, берилген тапшырмалар улуу-кичүү дебей аткарылып жатат.

— Келиңиз, сиздин ата-энеңиз, балалыгыңыз жөнүндө сүйлөшөбүз.

— Менин бала чагым Токмок шаарында жана Ысык-Ата районунда өттү. Үч эжем бар, мен кичүүсүмүн. Башында биз орто жашадык. «Сникерс» шоколадын төрткө бөлүп жечүбүз. Колбасаны майрамдарда гана жейт элек. Бишкекке көчүп келгенибизде мен алты жашта элем. Айтылуу «Карпинкадагы» кадимки эле үйдө жашадык, от жакчубуз. Апам бакчага ар кандай жашылча-жемиштерди отургузуп, аларды бизге сугартып, аябай жумшачу. Атамдын балалыгы оор өткөнгөбү, бизге баардык жакшы нерселерди бергенге тырышчу, бизден ал үчүн эч нерсе талап кылчу эмес. Унчукпастан алы жетишинче бизге билим алуубузга шарт түзө берди. Мисалы улуу эжем МУКка тапшырганда атам апам менен Германияга кетип, ал жактан машина айдап келип сатып, эжемдин окуусунун акысын төлөшкөн. Атам Дене тарбия институтун бүткөн, футбол боюнча тренер болчу. Менин футболго болгон сүйүүм да атам аркылуу келген. Атам биз үчүн көп иштечү. А апамдын туруктуу бир иши бар эле, Токмокто «Кыргызстан аба жолдорунда», кийин «Манас» аэропортунда кассир болуп иштеди. Мектепте окуп жүргөндө өзүмдүн рюкзагым жок болчу, эжем көтөргөн эскиси меники болор эле. Рюкзак жасап-тигүү боюнча чебермин. 10 жашымда Чыгыш автовокзалында эжеме кошулуп булочка сатчумун. Аны улуу эжем жасап берчү. Ал акчага үйгө бир нерсе алчубуз же апама белек алып барар элек. Атам Казакстандан Токмокко көмүр ташый баштап, биздин үй-бүлө 2000-жылдары гана бутка тура баштады.

— Жаңы жылды кандай майрамдачу элеңиздер?

— Жаңы жылды абдан чыдамсыздык менен күтчүбүз. Үйдү кооздоп, майрамдык маанайыбыз жакшы эле. Атам бизди алып чыгып борбордук балатынын жанында жыл сайын салтка айланып калгандай сүрөткө түшчү элек. Акыркы он жылдан бери өзүмдүн чакан үй-бүлөм менен атамдын салтын улай Жаңы жыл алдында сүрөткө түшүп турабыз.

— Жубайыңыз менен кандай жагдайда таанышкансыз, канча балалуу болдуңуздар?

— Эжем тааныштырган. Учурдан пайдаланып эжеме рахмат айтам. Насип этсе эки жаш баш кошот экен. Тигиниси же мунусу жакты деп бөлүп карабай, жактырсаң баарын жактырат экенсиң. Келинчегим менин мүнөзүмдү жакшы билет, мени жакшы түшүнүп, ар бир иш-аракетимде колдоп турат.

Булак: «lady.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу