Жанар: «Бактысыз болуп калганыма атамды күнөөлөйм»

Борборубуздагы «Айчүрөк» соода борборунун жанындагы өтмөктө кайыр сурап отурган жаш жубайларды дайыма кезиктирчүмүн. Күйөөсү тыңыраак олтуруп-тура албаган майып болгондуктан, жанындагы аялы жөлөп-таяп жүргөнүн көрөм. Алардын жашоосу мени улам кызыктырып, экөө менен маектешүүгө аракет кылдым.

Кыйынчылыкта 
өткөн балалыгым 
— Мен Ысык-Атанын Красный Восток деген айылынан болом. Атам убагында милиция кызматкери болчу, апам төрт жаш баласы менен үйдө отурчу. Ошол убакта атам Акүйдө иштечү экен. Күндөрдүн биринде атамдын дос балдары кыздар менен таанышмакчы болушуп милиционер болуп көрүнгүлөрү келгенби, айтор, атамдын формасын сурашат экен. Оюнда жаман нерсе жок атам аларга өзүнүн кийимин кийгизип жөнөтөт. Ал достору ошол эле күнү бирөөлөрдү сабап коюшат. Атамдын чөнтөгүндө күбөлүгү да бар экен, анысы жерге түшүп калып, сабалган балдар ошол боюнча сотко беришет. Ошентип атам досторунун айынан соттолуп кетип, апам байкуш чиедей төрт баласы менен жалгыз калган. Эсимде, апам бозо салып берсе, мен ийрейип алып айылды кыдырып сатып келчүмүн. Апам чубалтып төртөөбүздү жетелеп алып түрмөгө тез-тез барып турчубуз. Мектепте алдыңкы окуучулардын катарында элем. Ошентип мен 4-класста окуп жатканда атам түрмөдөн чыгып келип, ошол күндөн тарта үйүбүздө ызы-чуу башталды. Мурун ичпеген атам аракка берилип кетти. Күнүгө ичип келип апамды урат. Ошентип жүрүп мен балалыктын бактылуу доорун деле сезген жокмун.

«Жолдошум кызыл 
камчы чыгып…» 
— Бойго жетип, 1996-жылы турмушка чыктым, жолдошум абдан кызыл камчы болуп чыкты. Эки күндүн биринде сабап жүрүп бетимдин тамтыгы калган эмес. Апам байкуш атамдан көп запкы көргөндүктөн, кичине кезимден эле: «Кызым, турмушка чыкканда баарына чыдап жаша, жолдошуң урса мага арызданып келбе» деп кулагыма куюп койгон эле. Апамдын сөзүн эстеп баарына чыдап жашап жүрдүм, бирок чыдамдын да акыры болот экен. Такыр болбой калганда үйгө барып апама: «Мен чыдабай калдым, ажырашам» десем, сөзүмдү мас болуп отурган атам угуп «жашайсың» деп кайра жолума салган. Айлам түгөнүп кайра күйөөмө бардым. Анын токмогунун уусуна чыдап жүрүп бир кыздуу болдук. Мүмкүн балалуу болсок оңолоор деген үмүтүм да өчкөндө, айласыздан кызымды күйөөмө таштап, өзүм кетип калгам.

«Экинчи турмуштан 
да жолум болбоду»
— Күйөөм менен ажырашкан соң ар кандай иштерге иштей коюп, кебетемди бир топ эле оңдоп алгам. Анан күтүүсүздөн бир жигит менен таанышып калып, ал экөөбүз бат эле баш кошуп жашап калдык. Убакыт өтүп бир кыз, бир эркек балалуу болдук. Кызыбызды менин апамдарга берип койгонбуз, уулубуз өзүбүздүн колубузда болчу. Мен ооруканада эшик шыпыргыч болуп иштечүмүн. Базарда иштеген туугандарымдан карызга азык-түлүк алып жүрүп бир топ эле карызыбыз бар болчу. Ошол карыздар кыстай баштаганда бир күнү эле күйөөм балабызды алып качып кетип калды. Мен баламды таппай, карыздар болсо башыма үйүлүп айламды таппай калдым. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, айласыздан бирөөлөргө кошулуп Казакстанга барып жалданып иштеп келдим да, карыздарымды төлөдүм. Баламды сагынып күйөөмдү издебеген жерим калбады, бирок таппаганымдан аргам түгөнүп, унаа жуучу жайга ишке орношуп алдым. Бир күнү эле күйөөм өзү келип калыптыр. Арадан көп өтпөй дагы боюма бүтүп калып жатпайбы. Күйөөм «алдыр» дейт, мен «төрөйм» дейм, акыры ушунун айынан ортобузда уруш чыгып, күйөөм кайра кетип калды. Көнгөн жаным кайра эле жалгыз калып ар жакта жашап, иштеп жүрдүм, ичимдеги түйүлдүк күндөн-күнгө чоңоё берди.
Ай-күнүм жетип калган күндөрдүн биринде борбордук мечиттин жанынан өтүп баратсам толгоом башталып калды. Ары жакта эки студент бала баратыптыр, аларды жардамга чакырсам келишип, экөө эки жагымдан курткалары менен тосуп турушту эле, мен ошол жерден кыз төрөп койдум. Анан ал балдар «Тез жардам» чакырышты. Төрөт үйүндө эки күн жатып чыгып, кызымды көтөрүп Ысык-Атага апамдарга барып ошол жакта жашап калдым. Бирок атам күнүгө ичип келип мага асылып уруш чыгарчу, апам байкуш орто жолдо көп кыйналды. Атамдын, менин айымдан тез эле чачы аппак болуп кетти байкуш апамдын. Дагы бир күнү атам менен урушуп кетип, кызымды аларга таштап салып качып кеттим.

«Кулчулукка өткөн күндөрүм»
— Бишкекке келип, «Ош базарындагы» радиотүйүндө иш издеп жүрүп бир эже менен таанышып калдым. Ал Казакстанда жакшы жумуш бар деп айтканынан дагы 5-6 адам таап, алар менен Казакстанга бардым. Бизди бир үйгө алып барып үйдүн кожоюну менен сүйлөшүп, бизди тамеки айдоо аянтына жумушка киргизген. Көрсө, ал бизди алып барып сатып жибериптир. Сатып алган адам баарыбыздын көзүбүзчө паспортторубузду айрып туруп өрттөп салды. Анан ошол жактан киши чыдагыс жашоонун баарын көрдүк. Жерди казып үй кылып жасап, ошол жакта жашачубуз. Уктап жатсаң суу жыландар бетиңден сойлоп өтүп кете беришет. Ичкен тамагыбыз бир шумдук, аянтта өскөн сабиз менен помидордон терип келип аралаштырып кууруйт да, анын үстүнө суу куят, нан саткан жерден каткан, күйгөн нандарды алып келип туурап туруп кайнап жаткан тамакка салып дымдап берип коюшат. Эмне кылат элек, ачкалыктан жеп алабыз. Чыдамым такыр кеткенде бир күнү ыңгайын таап Кыргызстанды көздөй качтым. Камыштан-камышты аралап жүрүп олтуруп чоң жолго келиптирмин, анан машина тосуп айдоочуларга жагдайымды түшүндүрсөм Бишкекке ала келишти.

«Кайырчыга айланып калдым»
— Кайра эле өзүмө ылайыктуу жумуш таап, иштеп калдым. Бир күнү жаанга калып, бут кийимим да айрылып , Фучик паркындагы талдын түбүндө олтурсам жаныма бир эже келип сүйлөп калды. Ары жактагы отургучта бир бала отурган, ал эженин баласы экен. Аны чакырып, мени менен тааныштырды. Бул күйөөм менен ошондо таанышкам. Аты Мирлан. Азыр Мирлан экөөбүз ушинтип кайыр сурап, күнүнө 200 сомдун тегерегиндеги акча табабыз да, ошого курсагыбызды тойгузуп коюп жүрөбүз. Кээде шылуун балдар колуна магнитти байлап бизге байкатпай келип, тапкан тыйыныбызды магнитине жармаштырып качып кетишет, ал күндөрү ачка калабыз. Мурун күндүзү ар кайсы жерлерде иштеп, кечкисин арзан мейманканаларга түнөчүбүз. Кийимибиз, өзүбүз кир болгондуктан, азыр ал жакка да киргизбей калышкан. Жылуу күндөрү өтмөктөргө, көчөлөрдөгү отургучтарга эле жатып алчубуз. Кыш келген күндөн баштап абалыбыз оор, өткөндө биринчи кар жааган күнү отургучта тоңуп жаттык. Азыр кабат үйлөрдүн подъезддеринде жатабыз, анда да ал үйдө жашагандардын дабышы угулса күйөөм экөөбүз үнүбүздү чыгарбай коркуп, жатып калабыз. Азырынча балалуу болбой туралы, өзүбүз араң жүргөндө деп сактансам, жолдошум балалуу бололу деп таарынат. Улуу кызым биринчи күйөөмдө, 8-класста окуйт, мектептин президенти экен. Экинчи күйөөмдөн төрөгөн эки кызым апамда, уулум атасында. Кыздарымды, баламды сагындым, аларды эстеп ыйлап алам… Арманым аттын башындай. Жашоодон тажап өлөм деп муунган күндөрүм болгон. Мына, моюнумда жиптин тактары бар. Минтип көчөдө кайыр сурап отурмак эмесмин, ден соолугум кетип, такыр ишке жарабай калганымдан айла жок отурам. Ушундай бактысыз болуп, оор тагдырга туш болгонума атамды күнөөлөйм. 30 гана жашта болсом да башымдан эмне деген гана күндөр өтпөдү.
Мирлан:
«Апам Казакстанда, байкем түрмөдө, мен көчөдө»
— Кемин районунда 1983-жылы туулгам. Ата-энем мен үчүнчү класста окуп жүргөндө ажырашып, байкем экөөбүз апам менен калдык. Жашоо өтө берет экен, апам байкем экөөбүздү багам деп көп кыйынчылык көрдү. Качан гана биз чоңойгондо чоң энеме таштап, өзү шаарга иштегени кетти. Кийин байкем экөөбүз да ээрчишип шаарга келип, ар кандай жумуштарда иштеп, Кулиев көчөсүндөгү мейманканаларга түнөчүбүз. Апама деле күн алыс жолугуп жүрчүбүз. Бир күнү байкем экөөбүз эртең менен эрте туруп, «Ош базарын» көздөй жөнөдүк, жолдон кашайып дүкөнчөгө кирип эки пиво алып ичип алганбыз. Андан бир аз өткөндө эле бир баланы беш-алты бала тоноп жатыптыр, бизди көрө калып эле качып жөнөштү. Тигил тонолгон бала бизге: «Эмне турасыңар, артынан кууп барып кармап бергиле» дейт. Биз «өзүбүз араң жүрөбүз, эмнеге кармамак элек?» десек тиги баланын жини келе түштү. Аңгыча эле кайдан-жайдан эки милиция чуркап келип калды, тонолгон буюмдарына ичи ачышкан бала каратып туруп эле «ушулар тоноду» деп байкем экөөбүздү милицияларга салып берип койду. Ошентип ак жерибизден байкем экөөбүз түрмөгө түшүп калдык. Канча актансак да үнүбүздү угар киши болгон жок. Акыры айла кеткенде байкем «жок дегенде бирибиз эркиндикте жүрөлү» деп бардык күнөөнү өз моюнуна алды. Ошентип мен түрмөгө сегиз ай жатып чыктым, байкем жети жылга соттолуп кетти.
Окшошконго мушташкан болуп аялым экөөбүздүн тагдырыбыз окшош. Мен да бирөөлөргө алданып Казакстанга кулчулукка сатылып кетип, качып келгем. Ошентип, апам Казакстанда, байкем түрмөдө, мен көчөдө. Алар менен уюлдук телефон аркылуу байланышып турчумун, телефонумду балдар тоноп алышкандан бери байланышым үзүлдү. Маршрутка сүзүп кетип минтип майып да болуп калдым. Досум экөөбүздү бирдей сүзүп кетип, досум ошол жерден жан берди. Сүзүп кеткен айдоочу ооруканада жатканымда дарыга кеткен чыгымды төлөп берип, андан кийин карабай койду. Жарым жан болуп калганымды айтсам «аман калганыңа сүйүн» деп басып кетти. Ошол жол кырсыгынан көп жерим жабыркаган, көзүмдөн да кеткен, азыр көзүм жакшы көрбөй калды. Көз айнегим бар эле, ал кимисине керек билбейм, аны да тоноп кетишти. Учурда мага арка-жөлөк болгон бир гана келинчегим. Экөөбүз ээрчишип алып интернатка бир нече ирет бардык, бирок «орун жок» деп түртүп чыгарып коюшту. Ушул арманыбызды мүмкүн боорукер адамдар окуп калса, бизди интернатка жайгаштырып койсо жакшы болмок.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу