Жанар Акаев менен Эльвира Сурабалдиева кайым айтышты

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева менен Жанар Акаев интернет аркылуу кайым айтышты.

Сурабалдиева менен Акаевдин жазышканын оңдобой беребиз:

Элвира Сурабалдиева

Орозо маалында ачууга салбайын, бүгүн Кадыр тун экен. Кечээ мен катуураак сүйлөп койсом Жанар Акаев иним намыстанып кетсе керек.
Атамды 2005 -жылы атып кеткенде, мен 26-жаштагы үйдүн туң кызы катары, үй-бүлөлүк бизнести башкарууну аргасыз мойнума илдим.
Кантсе да базарда иштегендерди киши катары санабай, алардын жумушун мазактагандык эл өкүлү үчүн туура эмес- алар да биздин жарандар. Миңдеген эмес, жүз миңдеген Кыргызстандыктар Совет бийлиги таркаганда, айласыздан базарларга чыгышып, арасында мугалимдерди, доктурларды, илимий адамдарды, журналисттерди да тааныймын, тынч оокатын кылып келе жатышат.

Бишкек Кайнаган ысыкта да, чыркыраган суукта да темир контейнерде ден соолуктан ажырап, байып тапкан акчаларын кийин ооруканада коротушат. Мамлекетке жалдырабай, 30 жылдан бери жакындарын багып жүргөнүнө деги ыраазычылык.
Бетиме айтпай, интернеттен эрдик кылып жүргөн жаш иниме эскертүү — заман оомал-төкмөл болот, бийлик жана байлык бул чоң сыноо, көтөрө билиш керек.
Финполдун замына Раим Матраимов жөнүндөгү Азаттыктын иликтөөсү тууралуу мен эмес, ошол жердин аркасы менен парламентке келген Жанар иним суроо берсе аябай жарашмак…
Баардыгы сатылат дегендердин убагы да кетет, абийр менен намысты бекем кармаган эркектер, эл өкүлдөрүнө калкыбыз муктаж болгон заманда — кашыктап чогулткан абройду, чөмүчтөп төкпөйлү. Ата-бабаларыбыздын арбактары да, келечек муундар да бизди кечирбейт.

P.S. Власть и деньги не меняют людей, они лишь показывают кто они на самом деле, то есть их настоящую сущность. #БарБолгулаТуугандар

Булак: Ракурс.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу